Шахмат боюнча президенттин кубогу өтөт

Шахмат боюнча президенттин кубогу өтөт
13-Март 2017, Дүйшөмбү

17-26-март күндөрү И.Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук университетинде 14 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында шахмат боюнча президенттин кубогу өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, президенттин кубогу ушуну менен төртүнчү ирет, Бүткүл дүйнөлүк жана Улуттук шахмат күнүнө карата өтүп жатат. Мелдештин башкы максаты өспүрүм балдарга шахматты жайылтуу жана спортчулардын чеберчилигин өстүрүү, балдарды патриоттуулукка тарбиялоо.

Жеңүүчүлөргө Спорттун олимпиадалык эмес түрү боюнча дирекция тарабынан баалуу сыйлыктар жана кубок, медаль, дипломдор тапшырылат. Дирекция тарабынан 147 миң сом бөлүнгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!