Самарбек Сабыржан уулу АКШда коло тагынды

Самарбек Сабыржан уулу АКШда коло тагынды
15-Фев. 2018, Бейшемби, 10:17

Кыргызстандык спортчу Самарбек Сабыржан уулу АКШда өткөрүлгөн джиу-джитсу боюнча эл аралык мелдеште коло байгени жеңип алды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты жазып чыкты.

"Houston International Open IBJJF Jiu-Jitsu Championship 2018" мелдеши 11-февралда АКШнын Калифорния штатынын Сайпрес шаарында өткөрүлгөн.

Самарбек Сабыржан уулу Alliance International клбунун өкүлү. Ал чоңдор арасында күч сынашып, мелдештин жыйынтыгында 3-орунду алды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!