23-24-мартта Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда оор атлетика боюнча өспүрүмдөр жана кыздар арасында Кыргызстандын биринчилиги өткөрүлөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдеш 2000-жылы туулган жана андан кичүү курактагы өспүрүмдөр арасында өтмөкчү:
Өспүрүмдөр: 44 кг, 48 кг, 51 кг, 56 кг, 62 кг, 69 кг, 77 кг салмака чейинки андан жогору
Кыздар: 44 кг, 48 кг, 53 кг, 58 кг, 63 кг чейинки 63 кг салмактан жогору күч сынашат