Косметиканы кайсы убакта алмаштыруу керек?

Косметиканы кайсы убакта алмаштыруу керек?
17-Март 2017, Жума

Колдонуу убактысы бүткөндөн кийин косметикалык каражаттар эмне болот? Сүйүктүү эндиктериңизди, лайнер же болбосо тоналдык кремди ыргытуу керекпи? Жооп төмөндө...

Тоналдык крем

Тоналдык кремдин колдонуу убактысы бүткөн соң “жарыла” (“расщепляться“) баштайт. Мисалы, майлуу кошулмалар бет теринин үстүнө чыга баштайт. Колдонуу мөөнөтү бүткөн соң, бул каражат эки эсе терс таасир берүүчү затка айланат.

Зыяндуулугу эмнеде десеңиз? Алар териге калың пленка пайда кылат, тешикчелерди жаап салат. Кийинки этап - бул териге түрдүү кызыл нерселер чыгып, бактериялар пайда болуп, май бездеринин активдүү иштөөсүнө алып келет.

Тушь

Чындыгында тушь эки жылга чейин сактала берет, бирок белгилүу болгондой тушту үч айда бир алмаштырып туруу керек деген нерсени унутпоо керек. Болбосо жыйынтыгы сизди кубандырбайт. Маселе ал кирпикти узун жана калың кылбай коюшта эмес, себеп мөөнөтү бүткөн тушь көзгө кирип кычыштыруусу мүмкүн. Бул бир чети гана. Тушь каражатын ачкандан соң ал мөөр басылган калыбындагыдай эмес, анда түрдүү бактериялар, чаңдар топтолуп кирпикке барып жабышат. Адистер эки негизги нерсеге көңүл бөлүү керектигин эскертишет: жытына жана ырааттуулугуна. Эгер тушь жагымсыз жыттанса же бөлтүк болуп боёлсо анда аны ыргытуу керек дегенди билдирет.

Упа жана румяна

Упа жана румянанын сактоо мөөнөтү бир жылдан ашышы ыктымал. Бактыга жараша кургак жерде бактерия көбөйбөйт. Ошондуктан бул каражаттарды жакшы көрүнүп жана жыттанып турса 3-4 жылга чейин колдоно берсе болот. Бирок упа жана румянаны сүйкөй турган каражаттардын гигиеналык тазалыгын көзөмөлдөп туруу керек. Анткени алар түрдүү бактерияларды ташыйт.

Эндик

Эрин терилери абдан назик жана бактериялар топтолчу жер. Ошондуктан эндиктердин сакталуу мөөнөтү – бир жыл. Себеби, нымдаштыруучу табигый кошулмалар кургап кетүүгө жакын болот. Дагы бир кооптуу нерсе бул жалтыратуучу каражаттар (блеск для губ) – көпчүлүк учурда герпес ушул каражаттар аркылуу жугат. Бактерия бир жолу эндик кутусуна кирсе баардыгын кооптуу кылат.

Лайнер

Бул эң башкы кычыштыруучу (“раздражитель“) каражат. Көздун тегерегиндеги териге бул мөөнөтү өткөн каражатты колдонсо көз шишип, кызарып, жаш агып баштайт жана ошондой эле инфекция киргизип алуу да мүмкүн. Эгер лайнер өңү өзгөрө баштаганын, кургап, пуктир сызыктарын чийип жатканын байкасаңыз бул деген дүкөнгө жаңысын алууга мезгил келди дегенди түшүндүрөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!