Антиперспирант менен дезодорантын айырмасы кандай?

Антиперспирант менен дезодорантын айырмасы кандай?
23-Апр. 2018, Дүйшөмбү, 13:52

Жеке тазалык каражаттарын туура пайдаланбай жүрөсүзбү?

1. Дезодорант менен антиперспирантты чаташтырабыз

Антиперспирант колтуктун тердөөсүнө, ал эми дезодорант жагымсыз жытка каршы колдонулат.

Көптөгөн антиперспиранттарда алюминий тузу, кээде цирконийдин да тузу кездешет. Алар тер бездеринин жолдорун тарытат. Ошол себептен колтук аз тердейт.

Дезодорант бактерияларды өлтүрүп, жагымсыз жытты кетирет. Анын тердин көлөмүнө таасири жок.

2. Нымдуу териге сүйкөйбүз

Антиперспирантты кургак териге сүйкөш керек. Душтан чыккандан кийин же тердеп турганда аны колдонбоңуз.

3. Кырынгандан кийин, дароо сүйкөбөңүз

Колтуктагы түктү кыргандан кийин антиперспирантты да, дезодорантты да дароо колдонбогон оң. Алардын курамында спирт көп болса, терини кыжырдантат.

4. Күнүнүнө канча жолу колдонуу керек?

Күнүнө бир нече ирет кургак шампунь же тушьту пайдаланса болот. Бирок дезодорантты арты-артынан сүйкөгөндөн сергектик жаралбайт. Тескерисинче, пайдалуулугун төмөндөтүп аласыз. Аны таза, кургак териге гана колдонот.

5. Кайсы маалда сүйкөш керек?

Антиперспирантты түндө, уктардын алдында сүйкөш керек. Бул убакытта тер бездеринин жумушу жайлайт да, антиперспирант тер жолдоруна оңой сиңип, ошондо калат. Ошол себептен дермотологдор кечинде душка түшүп, колтукту туура сүрткөндөн кийин гигиеналык куралдарды колдонууга кеңеш беришет.

6. Колтук терисин нымдаштырбайбыз

Дерматологдордун айтуусу боюнча, колтук терисинин курамында диметикон бар крем менен же кокос майы сыяктуу табигый майлар менен нымдаштыруу кажет. Алар кургак терини тынчтандырат. Анын үстүнө кокос майында бактерияларга каршы таасир бар.

7. Терибиздин тибине туура кедбеген каражаттарды колдонбоңуз

Колтук терисин бет терисин күткөндөй күтүү керек. Дезодорант тандаганда териңиздин тибине, анын сезимталдуулугуна көңүл бөлүңүз. Курамында спирт көп же жыты өткүр болсо, аллергия кылып жибериши мүмкүн.

8. Жөнөкөй жана клиникалык антиперспиранттарды ажырата алабызбы?

Жөнөкөй антиперспиранттар тер бездеринин жолдорун – 20 пайызга, ал эми клиникалык түрлөрү 30 пайызга тарылтат. Анда алюминий тузунун концентрациясы жогору. Ошол себептен жакшы жардам берет, бирок өтө көп терини кыжырдантат. Эгер териңиз сезимтал болсо, жөнөкөй антиперспирант колдонуу керек.

9. Табигый дезодоранттарга ишенбейсиз

Көпчүлүк табигый дезодоранттардын пайдалуулугуна ишенишпейт. Аны көбүнчө аз тердеген адамдар менен жытты кетиргиси келбегендер колдонушат.

10. Дезодоранттын кийимдеги изин кантип кетирүүгө болот

Дезодоранттан калган тактарды кетирүү оңой эмес. Эгер жөнөкөй жууганда кетпесе, лимон кошулган сууну байкап көрүңүз.

Азыркы кезде ар түрдүү тактарды кетирүүчү каражаттар чыгып жатат. Аларды да пайдаланып көрүңүз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!