Терини күтүүдөгү эске алуучу нерселер

Терини күтүүдөгү эске алуучу нерселер
27-Апр. 2018, Жума, 14:28

Тери менен нерв системасы тыгыз байланышта болгондуктан, тери айлана-чөйрөдөгү маалыматты мээге жеткирип отурат. Анын далили суукта үшүйбүз, ысыкта тердейбиз, корксок түсүбүз өзгөрөт, уялсак кызарабыз. Сулуулукту жакшы көргөн кыз-келинчектер коомчулугу терини күтүүдө өзгөчө маани беришет.

Ал эми терңиздин сулуулугу терини коргоп, витаминдер менен толуктап отурат. Сиздер үчүн теринин сулуулугунун сыры менен терини күтүүдөгү эске алчу нерселер тууралуу сөз кылмакчыбыз.

1. Магний менен кальций акыл-эске таасир этүүчү салмактан арылтып, терини жакшыртат.

2. Бактерияга каршы самындардан баш тартыңыз. Алар бактерияларды жойгону менен, теридеги микрофлораны өлтүрөт.

3. Дене табы көтөрүлсө, тамак ооруса, суук тйисе антибиотиктерди пайдаланабыз. Бирок алар теридеги микрофлораны жок кылат. Ошол себептен көп колдонбогонуңуз оң.

4. Күн сайын аз дегенде 2 литр суу ичиңиз. Бул өлчөмгө чай, шире, шорпо жана башка суюктуктар кирбейт. Мүмкүн болушунча кайнаган эмес, таза карандай суу ичкен пайдалуу.

5. А витамини терини калыбына келтирет. Ошондуктан сабиз, апельсин, мандарин, ашкабак, таттуу калемпир көп жеген пайдалуу. Ошону менен бирге айран, каймак, быштак жана жумасына аз дегенде 2-3 жумуртка жеңиз.

6. Синтетикалык кийимдер териге абаны киргизбей, бөгөт болот. Ошол себептен табигый материалдардан жасалган кийим кийиңиз.

7. Теринин саргаюсу, тешиктердин кеңейип кетиши, кургашы менен эрте түшкөн бырыш көбүнчө тамеки чегүүдөн пайда болот. Тамеки түтүнү териге тешик аркылуу кирип, эркин дем алуусун кыйындатат.

8. Сууктан тери катып, кургайт. Ошондуктан ар дайым нымдаштырып, тазалоочу майларды пайдаланып жүрүңүз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!