Япондуктардын жашартуучу маскасы

Япондуктардын жашартуучу маскасы
28-Апр. 2018, Ишемби, 11:09

Бул масканы жумасына бир жасап, жүзүңүздөгү 10 жылдын изин жоюңуз «Япон аялдарынын орто жаштан ашса да, сулуу бойдон калуусунун сыры эмнеде?» деген суроо сизди да ойлондурат чыгар...

Эмесе, анын жообуу төмөндөгү масканы жумасына бир жолу жасап, сулуулугунңузду артырып, бир нече жылга жашара түшүңүз.

Гейшалар чачын жибектей жумшартуу үчүн күрүчтү колдонушкан. Тактап айтканда чачын күрүч суу менен чайкашкан. Ошону менен бирге бет терисин күтүү үчүн да күрүчтү колдонушкан. Күрүч уну салыган чакан капты ысык сууга салып, алдына идиш коюп, суусун сарыктырып илип коюшкан. Күрүч салынган каптан аккан ошол суу менен беттерин жуушкан. Күрүч суу бет терсин ултра фиолет нурлардан коргоп, бырыштын түшүсүн алдын алат жана терини нымдаштырат. Ошондуктан күрүчтөн жасалган маскалар бет тереиси үчүн маанилүү. Ал терини шалбырап калуудан коргоп, тартып турат.

Бет терисине арналган маска:

3 аш кашык күрүч уну

2 чай кашык бал

1 чай кашык каймак

Бардыгын жакшылап аралаштырып, бетиңизге сүйкөйсүз. 30 мүнөттөн кийин суу менен жууп таштаңыз. Минералдуу суу менен жуган жакшы.

Бул масканы бардык бет терисине колдонууга болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!