Бырыш эмнеден пайда болот?

Бырыш эмнеден пайда болот?
29-Март 2017, Шаршемби

Сарсанаа, убара, стресс... ушу сыяктуу факторлор теринин тез картаюусуна таасир берет. Теринин картаюусу ички органдардын иштөөсү жана андагы оорулар менен түз байланыштуу. Дагы кандай факторлор теринин картаюусуна себепчи болот?

Кабак түйбөңүз

Ар дайым кабак түйүп, капаланып жүрсөңүз бетиңизде бырыштын түшүшүнө жол бересиз. Бет булчуң этти бырыштырып, кабак түйө берип, теринин ийилчектигин азайтып, башкача айтканда чоюп таштайсыз. Бирок кабак түйүү менен эле бырыш түшөт деп айтууга болбойт.

Тери менен нерв системасы тынч абалда жатканда калыптана баштайт. Теридеги нерв тамырлары бул экөө ажырагыс байланышта болушат. Ошондуктан жабыркаган нерв системасы теринин кабаттарына таасир берет. Теринин сезгичтиги жогорулап, табигый коргонуу касиети бузулуп, суу жетпей калат. Мунун баары келекчекте теринин бырыш менен башка дагы кыйынчылыктардын чыгуусун алып келет.

Сырткы факторлор

Күндөлүктү стресске кошо, терибиз сырткы факторлордун натыйжасынан начарлай баштайт. Кир аба, экология, зыяндуу нерселердин таасиринен бет териси кургап, кесилип, бырыш түшөт.

Алдын алуучу 3 ыкма

Албетте башкы нерсе- өзүңүздү тынчтандыра билүү. Ортодогу курчаган ыңгайсыз жагдайларга сабырдуулук менен карап, баардыгын жүрөккө ала бербөө керек. Ал эми төмөндөгү 3 ыкма сизге жардам берет:

Нерв системасын тынчтандыруучу ыкмалардын бири жылуу ваннага түшүү. Картизол-стресс гормонун тынчтандырып, сергектик тартуулоонун бирден-бир жолу. Ошону менен бирге пайдалуу чөптөр кошулган сууга түшүү аркылуу терини коргоого болот.

Массаж денени оорулардан арылууга жардам берип, нервти тынчтандырып, тынч уйкуда уктоого кепилдик болот.

Туура тамактануу стресстен арылууга жардам берет. Тамактар жеңил жана пайдалуу болгону жакшы. С жана Е витаминдери бар азыктар сырткы терс радикалдардан коргойт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!