Түбөлүк жаш бойдон калуунун 10 жобосу

Түбөлүк жаш бойдон калуунун 10 жобосу
11-Июль 2018, Шаршемби, 17:13

Негизи, адам баласы генетикалык жактан алып караганда жүз жыйырма жыл өмүр сүрүшү керек, бирок, реалдуу жашоодо өмүр кыска. Орто эсеп менен япониялыктар 79 жыл өмүр сүрүшсө, австралиялыктар, канадалыктар, гректер 78 жыл жашашат. Немистер менен америкалыктар 76, орустардын, түрктөрдүн жана кыргыздардын өмүрүнүн узактыгы 67 жыл. Ал эми нигериялыктардын өмүрүнүн узактыгы болгону 47 жашты түзөт. Эл аралык дарыгерлер тобу, психологдор жана диетологдор биргелешип, кантип түбөлүк жаш болуунун он жол-жобосун иштеп чыгышты. Бул он жобону колдонуп, эске тутуу менен бирге биз өмүрүбүздүн узак болушуна жакшы өбөлгө түзө алабыз.

1-жобо: Ашыкча калориялуу тамактануудан алыс болуңуз! Муну менен бирге сиз клеткаларыңызды ашыкча жүктөн арылтып, алардын активдүүлүгүн сактайсыз. Жаңы клеткалар жаралып, организмде оору менен күрөшкөнгө жакшы шарт түзүлөт жана ар кандай оорулардан алыс болот. Тамактанганда орто деңгээлде тамактаныңыз. Көп жеп алып сиңире албай же аз тамактанып чала тоют болуп калбаңыз.

2-жобо: Тамактануу рационуңуз өзүңүздүн жаш курагыңызга туура келгени жакшы. 30 жаштагы айымдар боор менен жаңгакты көп колдонушса, бетке түшө турган алгачкы бырыштар бир аз кечирээк пайда болот. 40 жаштан жогору адамдарга бетакаротиндин пайдасы чоң. 50 жаштан өткөн соң сөөктү өз формасында кармоо үчүн кальцийди жана жүрөктүн жакшы иштөөсүнө шарт түзгөн магнийди колдонгон абдан пайдалуу. 40 жаштан өткөн эркектер үчүн селен керектелет. Селенди сырдын жана боордун курамынан табууга болот. Себеби, селен стресстин жоюлушуна жакшы көмөк көрсөтөт. 50 жаштан өткөн соң балык жесеңиз жүрөгүңүздү жана кан тамырларыңызды коргой аласыз.

3-жобо: Өзүңүз үчүн жакшы жумушту тандап алыңыз! Француздардын айтуусу боюнча, өзүнө жаккан жумуш адамды өз курагынан жаш көргөзөт экен. Социологдордун айтымында, кээ бир кесиптер түбөлүк жаш болууну сактаганга жардам берет. Алар дирижер, философ, сүрөтчүлөр.

4-жобо: Өзүңүзгө түгөй табыңыз! Себеби, карылыкка жол бербеген эң негизги нерсе - бул сүйүү менен назиктик болуп эсептелинет. Ал иммунитет системасынын жакшырышына шарт түзөт.

5-жобо: Ар бир адамдын жеке көз карашы болуусу шарт. Мындай адамдар депрессияга аз кабылышат жана аларда маанайы жок учур аз кездешет.

6-жобо: Ар убак кыймылда болуңуз! Бир күндө жети мүнөт спорт менен машыгуу өмүрүңүздү узартууга жардам берет. Кыймыл учурунда бойдун өсүшүн шарттаган гармондор бөлүнүп чыгат.

7-жобо: Салкын бөлмөдө уктап эс алыңыз! Эгерде кимде-ким 17-18 градус температурада уктаса, көп убакытка чейин жаш бойдон калаары далилденген. Себеби, организмдеги зат алмашуу айлана-чөйрөдөгү температурадан да көз каранды.

8-жобо: Убакыттын өтүшү менен өзүңүздү эркелетип туруңуз. Өзүңүздөн таттуу нерселерди аябаңыз. Эгерде сизге жаңы сумка же жаңы көйнөк жагып калса, аны сатып алуудан баш тартпаңыз.

9-жобо: Ачууңузду ичиңизге катпаңыз! Өзүңүздү жемелей бергенден көрө ал нерсени айланадагылар менен тең бөлүшкөнүңүз туура. Эгерде сиз бугуңуздун баарын ичиңизге катып жүрө берсеңиз, ар кандай ооруларга жана коркунучтуу шишикке чалдыгышыңыз толук мүмкүн. Эл аралык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча рак оорусуна чалдыккандардын 64 пайызы ачуусун ичине катып жүргөндөр болуп чыккан.

10-жобо: Мээңизди машыктырып, иштетиңиз! Кезек-кезеги менен баш катырмаларды таап, оюндарды ойноңуз, жаңы чет тилиндеги сөздөрдү жаттаңыз. Эсептегенде дагы калькуляторду колдонбоңуз! Мээни иштетүү менен биргеликте биз жүрөктүн иштешин активдештире алабыз, кан айлануу жана зат алмашууну жакшыртабыз.

Мындан тышкары...

1. Өзүңүздүн алсыздыгыңыз жана ооруларыңыз тууралуу азыраак ойлоп, азыраак айтыңыз.

2. Жашоодогу болуп жаткан нерселерге оптимисттик көз карашта карап, андан оңой чыгып кете алам деген ишеничте болуңуз.

3. Көп нерсени билүүгө умтулсаңыз - эч нерседен тажабайсыз.

4. Жаш курагыңыз канчада болбосун, баштан өткөн окуяларыңызды азыраак эстеңиз. Андан көрө келечектеги пландарыңыз тууралуу ой жүгүртүңүз.

5. Эл менен көбүрөөк жакшы мамиледе болуңуз, айрыкча жаштар менен көбүрөөк баарлашыңыз.

6. Өлүм тууралуу ойлонгондо анын кеч келишин ойлоңуз.

7. Өзүңүздүн жаш курагыңызга карабастан, физикалык жактан активдүү болуңуз.

8. Эмоцияга алдырбаганга аракет жасаңыз.

9. Өзүңүздүн күчүңүзгө ишене билиңиз.

10. Жакшы эс алууну унутпаңыз жана жаратылыш койнунда көбүрөөк болуңуз.

11. Көбүрөөк уктап, толук кандуу эс алыңыз.

12. Карылыкты нормалдуу көрүнүш деп эсептеңиз.

13. Басып өткөн жолуңузду кызыктуу жана бекер өткөн жок деген ишеничте болуңуз.

14. Карылыкка моюн сунбай, туруштук бериңиз жана көбүрөөк күлүп жүргөнгө аракет жасаңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
21-сентябрь: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт
21-сентябрь: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт
Пакистандын экс-премьери күрөөгө бошотулду
Пакистандын экс-премьери күрөөгө бошотулду
Небересин тирүү көмгөн аял кармалды
Небересин тирүү көмгөн аял кармалды
Макешов: “500 миң сомдук долбоор азыр 500 миң долларлык долбоорго айланды”
Макешов: “500 миң сомдук долбоор азыр 500 миң долларлык долбоорго айланды”
Жээнбеков
Жээнбеков "Астра Солар Технолоджис” ишканасында болду
Учакта жүргүнчүлөрдүн оозу мурду канады
Учакта жүргүнчүлөрдүн оозу мурду канады
Бишкек шаардык кеңешти 29 жаштагы Абиров башкарат
Бишкек шаардык кеңешти 29 жаштагы Абиров башкарат
Мэр бала бакчага күтүүсүз барды (фото)
Мэр бала бакчага күтүүсүз барды (фото)
Марат Джаманкулов Юстиция министри болуп дайындалды
Марат Джаманкулов Юстиция министри болуп дайындалды
Жаӊыл Мамбеталы  Жогорку соттун судьялыгына шайланды
Жаӊыл Мамбеталы Жогорку соттун судьялыгына шайланды
Киркоров жана Басковдон Канье Уэстин клибине пародия
Киркоров жана Басковдон Канье Уэстин клибине пародия
Өкмөттүн аппарат жетекчиси болуп Шамилбек Асымбеков дайындалды
Өкмөттүн аппарат жетекчиси болуп Шамилбек Асымбеков дайындалды
 Ири өлчөмдөгү салыктарды төлөөдөн качуу фактысы аныкталды
Ири өлчөмдөгү салыктарды төлөөдөн качуу фактысы аныкталды
Сарыбашов: Ишкерлерди ар тараптан колдоого даярбыз (фото)
Сарыбашов: Ишкерлерди ар тараптан колдоого даярбыз (фото)
​Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстанга иш сапар менен барат
​Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстанга иш сапар менен барат
"Человек на Луне" фильминин акыркы трейлери (видео)