Сиздин келбетиңизди бузган 10 ката

Сиздин келбетиңизди бузган 10 ката
4-Апр. 2017, Шейшемби

1. Сулуулукту бузган эң жаман көрүнүш бул бут кийим таманында жабышкан этикетка.

2. Спорттук кийим. Аты аталгандай- спорт менен машыккан убакта кийилген кийим. Бирок күнүмдүк жашоодо, учак менен учаарда же жолугушууга ылайыктуу эмес.

3. Айымдар сумкасы жана спорттук күрмө. Жалтырактары (стразы) же болбосо жүндүү (мех) күрмө болобу аны спорттук сумка менен айкалыштыруу керек. Бирок кээде аны күнүмдү же кечки аштарга көтөрүүчү сумкалар менен көтөрүү эң жаман көрүнүш. Ал үчүн андан көрө пальто алыңыз!

4. Күн желеси. Кээде кыздар түрлүү түстүү болуп кийингенди жакшы көрүшөт. Мисалы, ачык өңдөгү пальто, жоолук же шапка, ак өтүк, кызыл сумка. Бирок ачык өңдөрдү айкалыштырып кийинүү оңой эмес.

6. Угги. Кир, эскилиги жеткен угги өтүктөрүн страз таштары менен кооздолгондорду кийип алуу –бул өтө начар көрүнүш! Угги бут кийимдерин жарнамадагы кыздар сыяктуу: колготкисиз, чоң свитер, кыска шым менен айкалыштырып кийинүү керек.

7. Мейк-ап. Кечки тойлорго арналган макияж, угги жана спорттук кийим менен –айкалыштырып кийип алуу эң эле таңкалычтуу көрүнүштөрдүн бири.

8. Сүйлөө. Сырттан кандай гана кооз, жарашыктуу жана саркеч кыз көрүнбөсүн, аны сүйлөшүү адеби бузуп коёт. Адепсиз сөздөр жана кагып сүйлөшүү-бул эң жаман көрүнүш!

9. Түз алып жүрүүсү (осанка). Абдан кооз кийим кийип, жарашыктуу чач жана макияж жасаткандан кийин бүкүрөйүп, денеңизди түз кармап жүрбөсөңүз анда ал жогорудагыларды бузуп салат. Өзүңүздү күзгүдөн карап, бүкүрөйбөй моюн, арка белди түз алып жүрүүгө үйрөнүңүз.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!