Быштак маскасы

Быштак маскасы
16-Авг. 2018, Бейшемби, 11:20

Бул маска бет терисин жакшы нымдаштырып агартууга жардам берет. Ошондой эле аталган масканы тынымсыз жасап турсаңыз жаштыгыңызды сактоого жардам берет. Бетиңизди өңүн агартып, абдан жылмакай кылууга көмөгү зор. Мындай маска бардык терилерге болот. Үй шартында бетти тазалоочу укмуш каражат. Быштак маскасын колдонуу менен сиз бетиңизди күндөн, сууктан, шамалдан, ысыктан коргогон болосуз.

Курамы

50 грамм майдаланган быштак

3 чай кашык таза бал

3 чай кашык лимондун согу

5 чай кашык ашкабак ширеси

1 стакан таза суу

Даярдоо жолу

Төмөнкү каражаттардын бардыгын бирдей массада аралаштырып алабыз. Даяр болгон аралашманы бетке жана моюнга сүйкөйбүз. Сүйкөгөнчө массаж жасоону унутпаңыз. Маска 20 мүнөт турган соң, аны жылуу суу менен жууп коёсуз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!