Бырыштардан арылып, жашарыңыз!

Бырыштардан арылып, жашарыңыз!
8-Апр. 2017, Ишемби

Бырыш мимикаларыбызга, терибиздин сапатына жараша түшөт. Жаш өткөн сайын да мезгил бетибизге өз изин калтырат. Бырыштар менен күрөшүүнүн сырлары, ыкмалары тууралуу сөз кылмакчыбыз.

Бырыштан кутулуунун жолдору
Укалоо

Кол менен да, атайын аппараттын жардамы менен да жазылат. Кол менен укалоо артыкчылык кылат. Аппарат менен бир аз туура эмес жасалып калса, бет булчуңдары бузулушу мүмкүн. Анан да бул ыкма миома, богок, аллергиясы барларга болбойт. Бир жылда 2 курс алуу сунушталат.

1 курс 10-15 сеансты камтыйт.
Кардардын бети алгач гель менен тазаланып, анан маска коюлат. Масканын бетти агартуучу, терини тартуучу, азыктандыруучу сыяктуу түрлөрү бар. Булардан соң укалоо жүргүзүлөт. Баарына 1-1,5 саат убакыт кетет. Кызмат акысы 1 сеанс үчүн 1000 сомдон ашык.

Мезотерапия. Мезотерапия жашартуучу, коррекциялоочу (оңдоочу), бырышты жазуучу ыкма болуп саналат. Алгач беттин түзүлүшүнө карай дары заттардын топтому – коктейль сүйкөлөт. Андан соң гиалурон кычкылы шприцке сордурулуп, бет терисине сайылат.
Мезотерапия менен бүт денени коррекциялоого (жамбашты, санды, булчуңду сулуу жана чымыр көрсөтүү) жана целлюлиттен арылууга болот.
Мезотерапияда денедеги шлактар чыгат, кан жана зат алмашуу жакшырат. Беттин өңү жакшырып, тери жылмакай болуп, нурданат. 1 курс үчүн кызмат акы 3,5-4 миң сомдон өйдө.

Бырыштын ордун толтуруучу гелдер. Гиалурон гели бырыштын алдына шприц аркылуу сайылат. Бул ыкма бетти жашартпайт, болгону бырыштын ордун толтуруп, бырыштар билинбей калат. Кызмат акысы 10 миң сомдун тегереги. Күчү 5-6 айга жетет.

Пластикалык операция. Көздүн тегерегиндеги бырыштарды кетирүү үчүн көздүн сурмасындагы жана көздүн алдындагы ашыкча тери (шалбырап калган) кесилип салынат. Бырыштар жоголуп, көз чоң көрүнүп калат.
Бетти жалпы тартууда беттеги жана моюндагы ашыкча терилер кесилет. Натыйжада бет тартылып, адам жаш көрүнүп калат. Баасы 25 миң сомдун тегереги. Көздүн үстүнө
жасалчу операция 11-12 миң сом, көз алдына жасалчу операция 14-15 миң сом турат.

Ботокс

Ботокс – мимикалык булчуңдарга сайылчу A тибиндеги ботулин затынын уусу. Ботокс булчуңдардын нервин өлтүрүп, кыймылдатпай коёт. Булчуң кыймылдабагандыктан, бет тери ордунда калып, күлгөндө да, ыйлаганда да бырыштар билинбейт. Күчү 5-6 айга жетет. Кызмат акысы Бишкекте 14-15 миң сомдун тегереги.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!