Бырышты азайтуучу маска

Бырышты азайтуучу маска
7-Сен. 2018, Жума, 10:38

Сулуулукка куштар болгон адам баласы ар дайым сулуу көрүнүүгө талпынат. Өзгөчө аялзатынын табияты өзүнө ар дайым күтүүнү талап кылат. Өзүн караган адамдын бир белгиси- теринин тазалыгы. Майда бырыштарды кетирген жана терең бырыштарды билдирбей турган масканы даярдап, колдонуп көрүңүздөр.

Керектүү ингридиенттер:

-сүт,

-3 аш кашык ун,

-1 жумуртка,

Идишке 3 аш кашык унду салабыз, ага жылуу сүт куюп, кою болгончо жыгач кашык менен аралаштырабыз. Аралашмага жумуртканын сарысын саласыз. Масканы жылуу бойдон бетке жана моюнга калың кылып сүйкөңүз. 15-20 мүнөттөй кармаңыз. Андан кийин жылуу суу менен жууп таштаңыз.

Анын артынан эле бетиңизге банан боткосу же болбосо каймак сүйкөп, 10 мүнөттөй кармаңыз. Андан соң бетти жылуу суу менен жуйсуз. Бырыштардын азайганын өзүңүз да байкайсыз. Жумасына бир же эки жолу жасап турсаңыз болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!