Жашартуучу күрүч маскасы

Жашартуучу күрүч маскасы
12-Апр. 2017, Шаршемби

Япондук аялдар күрүчтү косметикалык каражат катары кылымдар бою колдонуп келишет. Күрүч - коллаген өндүрүүгө багытталган линол кычкылынын булагы. Ал териде бырыштын пайда болушунан жана күндүн терс таасиринен коргойт. Ошону менен бирге, күрүч Е витамини менен гамма-орзинолго да бай. Ошондуктан жүрөктүн оорушун алдын алып, кандагы холестериндин деңгээлин азайтат.

Күрүчтүн жаштыкты узартууга таасири чоң. Бүгүнкү кошулмада бет терисинин түсүн жакшыртып, бырыштарды кетирген күрүчтөн жасалчу маска даярдоонун жолун үйрөтмөкчүбүз.

Даярдоо жолу:

Күрүчтү кайнатып, сүзгүчтөн сүзүп алабыз. Андан аккан сууну сактап коёсуз. Сүзүп алынган күрүчкө жылуу сүт жана жылуу бал куясыз. Баардыгын жакшылап аралаштыруу менен маска даяр болот. Масканы кургак жана таза териге сүйкөп чыгасыз. Маска толугу менен сиңгенче бетте кармап турасыз. Андан соң күрүчтү даярдаган суу менен бетиңизди чайкап жууйсуз.

Күрүчтүн суусу антиоксидант касиетине ээ. Ал терини нымдаштырып, кан айлануусун жакшыртат. Бул суу теридеги тактарды кетирүүгө жардам берет. Жакшы натыйжага жетүү үчүн, күрүчтөн жасалган масканы жумасына бир жолу жасап туруу керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Кыргызстан чемпионатына 9 команда катышат
Кыргызстан чемпионатына 9 команда катышат
​Атактуу футболчу коронавирус жуктуруп алды
​Атактуу футболчу коронавирус жуктуруп алды
​АФКнын кубогунун тайпалык командалары белгилүү болду
​АФКнын кубогунун тайпалык командалары белгилүү болду
АКШнын конгрессмендери менен иммиграциялык чектөө маселеси талкууланды
АКШнын конгрессмендери менен иммиграциялык чектөө маселеси талкууланды
Дени сак болуш үчүн эртең менен жасаган кыймыл-аракет маанилүүбү?
Дени сак болуш үчүн эртең менен жасаган кыймыл-аракет маанилүүбү?
​Олимпиада-2020: Азиянын лицензия берүүчү мелдеши Бишкекте өтпөй турган болду
​Олимпиада-2020: Азиянын лицензия берүүчү мелдеши Бишкекте өтпөй турган болду
Мектепке электрондук каттоо: 28-февралга карата 7 миң арыз түштү
Мектепке электрондук каттоо: 28-февралга карата 7 миң арыз түштү
Кызылча жана капуста бырышка каршы азыкпы?
Кызылча жана капуста бырышка каршы азыкпы?
29-февраль: абанын температурасы +15 градус болот
29-февраль: абанын температурасы +15 градус болот
Кыргызстандыктарды эл көп чогулган жерден оолак болууга чакырышты
Кыргызстандыктарды эл көп чогулган жерден оолак болууга чакырышты
Идеалдуу салмак кандай болуш керек?
Идеалдуу салмак кандай болуш керек?
Коронавирус жуктургандардын 46 пайызы айыкты
Коронавирус жуктургандардын 46 пайызы айыкты
Бат арыктатуучу беш күндүк диета
Бат арыктатуучу беш күндүк диета
"Love is..." мелодрамасы 5-марттан баштап көрсөтүлөт
Коронавируска байланыштуу жума намазга баргандардын санын чектөө сунушталды
Коронавируска байланыштуу жума намазга баргандардын санын чектөө сунушталды
Сапаргүл Абдинабиева: Улан тууралуу интервью берүү оор болду
Сапаргүл Абдинабиева: Улан тууралуу интервью берүү оор болду