Пияз маскасынын чачка пайдасы

Пияз маскасынын чачка пайдасы
26-Сен. 2018, Шаршемби, 09:31

Калың жана жалтыраган чач эркектерге да, аялдарга да керек. Чач түрлүү себептерден түшө баштайт: боёгондо, фен менен кургатканда жана үтүк менен түздөгөндө, түрдүү куралдарды колдонуу, ар дайым стресс абалында болуу, жагымсыз экологиялык орто менен туура тамактанбоо, организмге витаминдер, минералдар менен амин кычкылдарынын жетишпестиги. Албетте эгер чач өтө көп түшсө, трихологго же болбосо дерматологго кайрылуу зарыл. Бул көйгөйлөрдү акырындан чечиш керек, ал эми чачты бекем жана мыкты кылыш үчүн ар дайым үй шартында маскаларды жасаш керек.

Анын ичинде пияздан жасалган маскалар жакшы таасир берет. Пиязда витаминдер менен минералдар көп. Алар ар дайым биологиялык активдүү абалда болот. Пияз маскасы чачтын түшүүсүн гана токтотуп койбой, ошону менен бирге ал нымдаштырып, азыктандырып, чачты өстүрөт жана жалтыратат.

Пияздан жасалган маскалар жарнамада жарыяланган шампундарга караганда чачка жакшы таасир берет. Себеби, пияздын курамында чыныгы тирүү кератин бар. Мындай маскалар ар кандай типтеги чачка туура келет. Пияз маскаларын убактылуу колдонуу кажет. Аны жумасына 1-2 жолу жасаса болот.

Эң жөнөкөй ыкмасы- башты жуурдун алдында пияздын жаңы сыгылган ширеси менен баш терини укалоо керек.

Чач түшүүнү токтотуу үчүн пияз боткосун, балды, кастор майын 1 аш кашыктан 1 чийки жумуртканын сарысы менен аралаштыруу зарыл. Баарын жакшылап аралыштырып, аны баштын терисине жакшылап укалап сүйкөйт. Чачты пакет менен жана анан сыртынан сүлгү менен ороп алыңыз. Аны 1 саат кармап, жууп таштаңыз.

Чачты азыктандыруу үчүн пияздан витаминдүү маска даярдоого болот. Ал үчүн 1 аш кашык пияз ширесин жумуртканын сарысы менен, 1 аш кашык кастор майы жана уйгактын майы (репейное масло) менен 2-3 тамчы лимон ширеси аралаштырат. Аралашманы башка сүйкөп, жарым сааттан кийин жууп таштаңыз.

Чачтын өсүүсүн ылдамдатуу үчүн 1 чай кашык пияз ширесин 1 аш кашык алоэ ширеси жана 1 аш кашык бал менен аралаштырасыз. Аралашмага 1 чийки жумуртканын сарысын кошот. Андан кийин башка сүйкөп, жарым сааттан кийин жууп салыңыз.

Какачтан кутулуу үчүн пияз ширесин, кастор майынын жана аракты бирдей өлчөмдө аралаштырып, башка укалап сүйкөңуз. Аны 1 саат кармап, жууп таштайсыз. Эгер чачыңыз майлуу болсо, бул маскага май кошпой эле койсо болот.

Чачтын кооз болушу үчүн 1 чоң пияздын ширесин чыгып алып, аны бирдей өлчөмдөгү айран менен аралаштыруу керек. 40 мүнөттөн кийин масканы жууп таштоо кажет.

Пияздын жытын кантип кетиребиз?

Пияз маскасы жакшы жана тез жардам бергени менен кыз-келиндердин көпчүлүгү анын жыты үчүн баш тартышат. Пияздын күчтүү жыты болгону менен анын чачка тез сиңиши чачтын түзүлүшүнө байланыштуу. Эгер чач өтө жабыркаган, тактап айтканда фен, үтүк же боёк көп колдонгондон чачтын түзүлүшү бузулгандыктан, ал өзүнө пиязды өзүнө тез сиңирип алат. Анын жытын кетирүүнүн ыкмалары да бар:

-Алгач пияз боткосун эмес, жалаң гана пияз ширеси менен жасалган маскаларды колдонуп көрүңүз. Шире тез жуулат, ошондуктан жыты да аз болот;

- Чачты ысык суу менен жубаңыз, себеби ал пияздын жытын күчөтөт. Ошондуктан, жылуу же бөлмө температурасындагы суу менен жууңуз;

- Масканы жууп бүткөндөн кийин, чачты милдеттүү турдө чөптөрдүн кайнатмасы менен чайкаган оң. Мисалы: чалкан, уйгак, ромашка жана башкалар. Кайнатманы чачта 5 мүнөт кармап, андан кийин жөнөкөй суу менен чайкап коюңуз. Чөп кайнатмасына лимон ширесин кошуп жиберсе, жыттан кутулуу оңой болот;

- Пияз маскасына бышкан банандын жумшагын кошуп, андан соң чачты чайкаганда цитрус (рейпфрут, апельсин, лимон) эфир майларынан 1 литрге 3-4 тамчыдан же 1:1 өлчөмдө алма уксусу менен сууну аралаштырып чайкаса да болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!