Бетти тазалоонун ыкмалары

Бетти тазалоонун ыкмалары
2-Окт. 2018, Шейшемби, 12:34

Азыркы күндө косметологдор бетти тазалоонун түрдүү ыкмаларын сунуштап келишет. Анын натыйжасы жакшы болушу үчүн сиз кайсы түрү менен жана кандай тазалоо керек экенин билгениңиз оң. Азыр косметолог адистер жөнөкөй жана комбинациялуу, ультра добуштуу, лазердик жана вакуумдук тазалоо ыкмалары сунушташат.

Жөнөкөй жол менен бетти тазалоо

Бул бетти тазалоо ыкмасы эң көп тараган процедуралардын бири. Алгач бетке атайы маска жасалып, бир нече убактан кийин косметолог кирдеген бетти тазалап чыгат. Бул өзгөчө майлуу бет терисине жакшы жардам берет. болгону бул жерде мыкты адиске кайрылган оң, анткени терини тазалабаса ал кат-кат болуп, ыңгайсыздык жаратат. Бул ыкманы жылына эки жолу кайталап турса болот.

Ультра добуштуу тазалоо

Бетти ультра добуштуу тазалоодо эч кандай зыян тийгизбейт. Бирок дароо эле бетиңиз таза жана сулуу болуп кетпейт. Ал теринин түсүн иреттеп, беттеги кара тактарды азайтат. Бетти ультра добуш аркылуу эки айда бир жолу тазаласа болот.

Вакуумдук тазалоо

Вакуумдук деген - бетти селикондуу банка аркылуу тазалоо жолу. Бул ар кандай типтеги бет терисине жасалуучу процедура. Бул ыкма бетти тазалап гана койбой, бырышка каршы туруп, картаюуга бөгөт коёт. Жылына эки жолу беттиңизди вакуумдук тазалоодон өткөрүп туруңуз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!