Аспириндин биз билбеген пайдасы көп!

Аспириндин биз билбеген пайдасы көп!
5-Окт. 2018, Жума, 11:03

Бул дарынын жалаң гана ооруганда эмес, башка да жагдайларда пайдасы өтө көп. Алардын бири сулуулук үчүн кандай пайдасы бар десеңиз, кеңештерибиз менен бөлүшө кетмекчибиз.

Тери үчүн:

Теридеги безетки, кара тактарды кетирип, терини теп-тегиз, жумшак кылат. Ал үчүн аспирин таблеткасын суу менен аралаштырып бетке сүйкөп, 5-10 мүнөттөн кийин жууп таштайсыз. Бал же каймакк аралаштырып, маскаларды жасаса да болот.

Чач үчүн

– Аспирин кычкыл болгондуктан чачты майланышып кетүүсүнөн арылтат, жылтыратып, жумшак жана тегиз кылат. Какачтан арылуу үчүн бир нече таблетканы эзип, шампунь аралаштырып чачыңызды жуйсуз. Бирок аспиринди алсыз, сынгыч, кургак чачтарга колдонууга болбойт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!