Моюнга жасалчу маска

Моюнга жасалчу маска
30-Ноя. 2018, Жума, 15:29

Териңизди дайыма жылмакай алып жүрүүнү кааласаңыз, нымдуулукту ар дайым сактап жүрүү керек. Нымдуулук моюндун терисине өтө жагымдуу келет.

Моюнга бырыш түшүү 27-30 жаштарда байкала баштайт. Анын алдын алуу үчүн, моюнга маска коюңуз. Ал үчүн банан боткосуна, бир нече бадам майын тамчылатып аралашма жасайсыз. Даяр болгон каражатты коёрдон мурун, мойнуңузду жууп нымдап алып, андан соң масканы тегиз коёсуз. Маска түшүп кетпеш үчүн, мойнуңузду сүлгү менен ороп коюңуз. Андан соң 30 мүнөттөн кийин жууп коёсуз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!