Бадыраңдан даярдалчу маска түрлөрү

Бадыраңдан даярдалчу маска түрлөрү
19-Апр. 2017, Шаршемби

Бадыраң – адамдын ден соолугуна гана эмес, бет териси үчүн да пайдалуу жер-жемиш. Қурамында териге керектүү жана пайдалуу витаминдер – кальций, темир, фосфор болгондуктан, бырыш менен күрөшүүдө тез жана жакшы натыйжа берет. ошону менен бирге беттеги так менен безеткиден арылтат. Бадыраңдан жасалуучу масканын түрлөрүн өзүңүз үйдө жасап көрүңүз.

Майлуу териге арналган маска. Орточо бир бадыраң менен алманы майда туурап, даяр болгон кошулманы бетке 30 мүнөттөй сүйкөп турасыз. Муну жумасына эки жолу жасаса теринин өңү жакшырат.

Тактарды кетирүүгө арналган маска. Сүргүчтөн өткөрүлгөн бадыраңды лимон ширеси менен аралаштырасыз. Бетке сүйкөп 15 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп таштайсыз. Бадыраң менен лимон ширесине кебез малып аны бетке сүйкөсө да болот. Бул ыкма беттеги кара тактардан арылтып гана тим болбой, териниге жагымдуу сергектик тартуулайт.

Кургак териге арнаган маска. Бадыраңды сүргүчтөн өткөрүп, ботко даярдайсыз. Аны 1 аш кашык каймак менен аралаштырып, бетке 15 мүнөт кармап, жылуу суу менен жууп коёсуз. Жумасына эки жолу кайталап жасайсыз.

Бырыштан коргоочу маска. Бадыраң менен картошканы сүргүчтөн майда туурап, өткөрүп аралаштырасыз. 15 мүнөттөн кийин масканы жылуу суу менен жууп коёсуз. Аны менен бирге бадыраңды муздаткычта тоңдуруп, андан кийин жылытасыз. Тоголок түрүндө кесип, аны бетке коёсуз. Бул бырыш менен күрөшүүгө арналган пайдалуу ыкмалардын бири.

Бадыраң кабыгынан жасалуучу маска. Бадыраңды жакшылап тазалап жууп аласыз. Кабыгын аарчып алып, бетке жабыштырып чыгасыз. Сыртынан нымдуу марли жаап коёсуз. Кабыкты 2-3 см алыс коюп чыгасыз. Бирок бир аз убакытка чейин бетти жуубайсыз. Себеби, бул жемиштин курамындагы пайдалуу заттар бет териге жакшылап сиңгени оң.

Бадыраң ширесинен лосьон даярдоо. Бадыраңды сүргүчтөн өткөрүп, ширесин сыгып аласыз да, андан кийин бирдей өлчөмдө кылып спирт аралаштырасыз. Тунма 3-4 саат тургандан кийин гана пайдаланууга болот. Бул лосьон өзгөчө майлуу бетти тазалоого жакшы жардам берет.

Бадыраңга сүт кошуп даярдалуучу тазалоочу кошулма. Стакандын жарымына чейин сүт куюп, өтө жука кылып кесилген бадыраң салынат. Бир нече саат өткөндөн кийин бул кошулма менен бетти сүртүп тазалоого болот. Кургак бетке арналган бул тазалагыч менен бетти күнүнө 2-3 ирээт сүртөт. Кошулманы 2-3 күндөн ашык сактоого болбойт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!