Кургак териге арналган маска

Кургак териге арналган маска
4-Дек. 2018, Шейшемби, 17:06

Кургак териге арналган нымдаштыруучу жана эң оңой жасалган маска. Ал үчүн бир чоң кашык бал, өсүмдүк майы менен бир жумуртканын сарысынан турат. Бул маска ошону менен катар терини азыктандырат. Масканы бетте аз дегенде 15-20 мүнөт кармап, жылуу суу менен жууп таштаңыз.

Ошондой эле үй шартында алмадан маска жасап көрүңүз. Ал үчүн аны микротолкундуу меште бышырып, жумшаганда аны эзип, бир чоң кашык каймак менен аралаштыруу керек. Бул маска катуу кургаган бетти жарым саатта нымдаштырып, жарты саатта нымдаштырып, азыктандырат.

Ысытылган зайтун майына бир нече тамчы шабдалы майын тамызып даярдалган маска кургак терини тез нымдап жакшы жардам берет. Бул масканы териге жарым саат коюш керек.

Масканы жуугандан мурун сүлгү менен сүрүп алуу керек, кийин жылуу суу менен жууп таштаңыз.

Маска териге жакшы таасир берүүсү үчүн терини жакшылап тазалап гана эмес, буулап алган да ашыкча болбойт. Ошондо тешиктер ачылып, пайдалуу заттарды сиңирүүгө даяр болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!