Зайтун майынын сулуулук сырлары

Зайтун майынын сулуулук сырлары
19-Апр. 2017, Шаршемби

Зайтун майы тамак-ашта гана эмес, косметика жасоо багытында да чоң суракка ээ. Терини күтүүдө тийгизген жардамы көп. Зайтундун курамындагы А, Е, B, D, K витаминдери– чыгыны сулуулук булагы болуп эсептелет. Зайтун майы терини жумшартып, көрктөндүрөт. Өзгөчө кургак тери үчүн ал- кайталангыс дары. Нымдуулукту узак убакытка чейин сактап, тери клеткаларын калыбына келтирип, бырыштардын түшүүсүн алдын алат.

Терини күтүү үчүн...

Кургак териге өзгөчө күтүм керек. Бул жагдайда териге зайтун майы келет. Лосьон даярдоо үчүн:

– 3 аш кашык зайтун майы

– 4 аш кашык бадыраң ширеси

- ½ чай кашы ашкана содасы

– 1 чай кашык роза суусу керек.

Булардын баардыгын жакшылап аралаштырып, даяр болгон кошулманы бетке сүйкөп, бир мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп салыңыз. Мындай лосьонду үч күндөн ашык сактоого болбойт. Бадыраң ширеси тез бузулуп кетет.

Майлуу тери үчүн зайтун майы менен лимон ширеси кошулган лосьон даярдаңыз. Ал үчүн жогорудагы лосьон қурамындагы бадыраң ширесинин ордуна лимон ширесин, аш содасынын ордуна туз кошуңуз. Зайтун майынан даярдалуучу терини нымдоочу, жумшартуучу маска майлуу тери үчүн да, ошондой эле кургак териге да өтө пайдалуу.

Ал үчүн:

– 1 чай кашык зайтун майы

– 1 чай кашык каймак

– 1 чай кашык лимон ширеси

– 1 чай кашык сабиз ширеси

– 1 ашкашык ачыткы керектелет.

Бардыгын аралаштырып, бетиңизге сүйкөңуз. 10-15 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп салыңыз. Көздүн алдындагы назик терини жакшыртып, андагы майда бырыштарды жазуу үчүн да зайтун майын колдонуңуз.

Ал үчүн жылытылган майды көздүн айланасына сүйкөп, 30 мүнөттөй көзүңүздү жумуп жатыңыз. Мүмкүн болсо, бул ыкманы күндө кечкисин сүйкөп турган оң. Курамындагы Е витамиинин аркасында зайтун майы тери клеткаларынын кайрадан калыбына келүүсү үчүн жардам берет. ошону менен бирге теринин целюлити “дарылоо” үчүн да өтө пайдалуу. Ошондуктан курсактын, көкүрөктүн, жамбаштагы теринин целюлитинчоюлуп кетүүсүн алдын алуу үчүн зайтун майын колдонуңуз. Ал үчүн зайтун майына 1-2 тамчы лимон же апельсин майын кошуп, көйгөй жараткан териге сүйкөңүз.

Чач үчүн

Зайтун майы чачты нымдаштырып, аны жибектей жумшартып, жалтыратат.

– Башты жуурдан мурда бармактарыңызды зайтун майына малып алып, 10 мүнөттөй баш терини укалап, массаж жасаңыз. Ал эми андан соң башыңызды жылуу суу менен чайкап алып, адаттагыдай жууна бериңиз. Чачтын көлөмүн көтөрүп, жалтыраткыңыз келсе:

˜– 2 аш кашык зайтун майы

– 1 жумуртка

– 1 чай кашык алма уксусу же балды аралыштырып чачка сүйкөп, 10 мүнөттөй жылуу суу менен чайкап коюңуз. Натыйжасына жакынкы аралыкта күбө боло аласыз.

Чачтын учтары ачакейлешип кетүүсүн токтотуу үчүн ага нымдаштыруучу компресс жасаңыз. Бир стаканга жылытылган зайтун майын куюп, чачтын учун ага салып, 10-15 мүнөт отуруңуз. Андан кийин чачтын учун желке тушка жыйнап, башты сүлгү менен ороп, жылуу кармаңыз. Жарым сааттан кийин калган майды суу менен чайкап салыңыз. Мындай компрессти жумасына бир жолу жасап туруу ашыкча болбойт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!