Жаңы жылдык маникюрга идеялар

Жаңы жылдык маникюрга идеялар
11-Дек. 2018, Шейшемби, 16:02

Биз бүгүн сизге келе жаткан жылы кубаныч тартуулай турган жаңы жылдык маникюр тууралуу бөлүшө кетсек.

Жылдын башкы майрамы жаркыраган жалтырактар, оюнчуктар, балаты жана андагы жалындап жанган оттор менен ассоциацияланат эмеспи. Быйылкы жылдын символунун сүйүктүү өңү алтын (сары) түс. Ошондуктан бул түстү өз маникюруңузга тандасаңыз кооз дагы жана модалуу да болмокчу.

Френч — бул түбөлүк классика бойдон кала турган маникюр. Жана ошондой эле, түрдүү майрамдарга: үйлөнүү үлпөт болобу же жаңы-жылбы баарына жарашыктуу кете берет. Классикалык француз маникюрун жаңы түстөр менен жарашыктуу кылып боёп алсаңыз болот.

Ала кызыл, кызыл жана кызыл-күрөң түстөр да «жылдын символуна» жагат. Ошону менен катар, кызыл түстөгү маникюр ар дайым “утушта” болот. Ал ар кайсы кийимге туура келет жана образдагы башкы аксессуар болуп да саналат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!