Безетки менен бырышты кетирүүнүн жолдору

Безетки менен бырышты кетирүүнүн жолдору
19-Дек. 2018, Шаршемби, 10:37

Ийне терапиясы аркылуу беттеги безетки менен бырышты кандай кетирсе болот? Ал эми беттеги кара тактарды кантип тазалайбыз? Бул тууралуу дарыгер, косметологдордун кеңешин сунуштайбыз.

Бырышты кетирүү

Бетке эрте бырыш түшүүсү – беттин булчуң эттеринин бошоп калуусунун натыйжасы. Ошондуктан ийне менен эмделүүнү канчалык эрте кабыл алсаңыз ошончолук эрте бырыштан сактана аласыз. Бырышты жоготуу үчүн булчуң эт тарамыштарынын орун алуусу боюнча беттеги чекиттерге коюлган ийне бет терисиндеги 12 жуп меридиандын (кубат каналы) ачат. Бет теринин астындагы иштебей жаткан клеткаларды жандандырып, аларды калыбына келтирет. Мимикалык булчуң эттердин жыйрылуусу, бошоп калуусуна алып келет. Эгер терапияны кабыл алгандар туруктуу түрдө белгиленген убакта үзбөй терапияны кабыл алып турса, беттеги бырыштар жоголот. Ээктин алдындагы май тартылат. Көздүн алдындагы шишик тарайт. Ошондой эле, картайган, булчуң эттин клеткаларын жашартат.

Кара такты (пигментация) кетирүү

Бетте тактын пайда болуусу ички организмдеги кан айлануунун бузулушунан болот. Ийнени денедеги керектүү чекиттерге коюу аркылуу меридиандык каналдарды ачып, организмдин кубатын калыбына келтирип, денедеги кан айланууну жакшыртып, ал аркылуу кара так жоголот. Бул ички организдин дарылоодон кетет. Ошону менен катар, кара тактарга сүйкөлө чөптөн жасалган атайы дары майлар аркылуу тактын түсүн акырындап өзгөртөбүз. Жана ийне терапиясы аркылуу беттеги кан айлануу тездеп, бет терисинин иммундук кубатын артырабыз. Ушул үч тараптуу дарылануу курсу бирдей жүргүзүлгөндө беттеги так тез кетет.

Бирок, бетинде кара тактары бар айымдар такты кетириш үчүн агартуучу кремдерди көп сүйкөй бербеңиздер. Себеби мындай кремдер теридеги сууну сиңирип алат жана беттеги тешиктерди бекитип таштайт. Жыйынтыгында аба алмашуу кыйындап, кан айланууга начарлагандан кара тактар ого бетер көбөйө баштайт. Эгер дал убагында керектүү эмдөө чаралары көрүлбөсө бул күчөп кетет, оңой менен кетпей турган такка айланат. Беттеги кара такты кетирүү убакыты 3-4 айга чейин созулушу мүмкүн.

Безеткиден арылуу

Безеки – бетте майдын чамадан сырткары көп болушунан пайда болот. Майлуу бет беттин кенеси менен микробдордун өсүп көбөйүүсү үчүн өтө жакшы жер. Эгер бетиңиз микробдонуп бет кенесинин саны көбөйсө беттеги тешиктер бүтөлүп калат. Жыйынтыгында аба алмашууга бөгөт коюлуп, беттин иммундук абалы төмөндөйт. Бул бет терисинин түрдүү ооруларына алып келет. Беттин тешиктери (поралары) кеңейет, бет кызарат, кычышып безетки чыгат. Кээ бир адамдарда бул май менен нымдуулуктун бирдей болбогонудугунун таасиринен да болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Америкадагы фестивалга кыргызстандык жаш таланттар катышат
Америкадагы фестивалга кыргызстандык жаш таланттар катышат
​Чемпиондор Лигасынын 2019/20 сезону 1-раунд чучу кулак кармалды
​Чемпиондор Лигасынын 2019/20 сезону 1-раунд чучу кулак кармалды
Президент: Ант – бул элдин, мыйзамдын, абийирдин алдындагы абдан чоң жоопкерчилик
Президент: Ант – бул элдин, мыйзамдын, абийирдин алдындагы абдан чоң жоопкерчилик
Назира Айтбекова: Ооздугу жок эркин учкан кушка суктанам
Назира Айтбекова: Ооздугу жок эркин учкан кушка суктанам
Бишкекте
Бишкекте "Тенгри" аттуу ачык асман алдындагы музыкалык иш-чара өтөт
Жаңы дайындалган министрлер ант беришти
Жаңы дайындалган министрлер ант беришти
Кытай инвесторлору Ысык-Көлгө туристтик база түзүү планы бар экенин айтты
Кытай инвесторлору Ысык-Көлгө туристтик база түзүү планы бар экенин айтты
Президент учкуч-космонавт Салижан Шарипов менен жолугушту
Президент учкуч-космонавт Салижан Шарипов менен жолугушту
Президент УКМКга жаңы төраганы дайындады
Президент УКМКга жаңы төраганы дайындады
Кыргызстандын спектакли алтын статуэткага ээ болду
Кыргызстандын спектакли алтын статуэткага ээ болду
Бишкек шаарында “Тилек дарагы” аттуу спектакль көргөзүлөт
Бишкек шаарында “Тилек дарагы” аттуу спектакль көргөзүлөт
Президент: Кагаз жүзүндө калбай, элдин пайдасына ишке ашырылышы керек
Президент: Кагаз жүзүндө калбай, элдин пайдасына ишке ашырылышы керек
Жалпы республикалык тестирлөөдөгү эң жогорку балл 238 болду
Жалпы республикалык тестирлөөдөгү эң жогорку балл 238 болду
Аксыда сууга түшүп кеткен 15 жаштагы  кызды издөө уланууда
Аксыда сууга түшүп кеткен 15 жаштагы кызды издөө уланууда
​Неймардын кара күндөрү: мүлктөрү камакка алынды
​Неймардын кара күндөрү: мүлктөрү камакка алынды
Ысык-Көлдүк чабан өзүнүн аялын атып өлтүрдү
Ысык-Көлдүк чабан өзүнүн аялын атып өлтүрдү