Макияжын сүртүүдөн эринген кыздар үчүн...

Макияжын сүртүүдөн эринген кыздар үчүн...
21-Апр. 2017, Жума

Кээде той-аштардан же болбосо жумуштан чарчап келгенибиз ошончолук, бетибиздеги боёкторду сүртүүдөн эринип, уктап калабыз. Эртеси адам тааныгыс абалга келип, кетире албай убара болобуз. Албетте заманбап косметиканын аркасында баарын ирээтке келтирүүгө болот. Бирок убактысында сүртүлбөгөн макияж бетибизге бырыш түшүрүп, терини кургатып жиберерин унутпасак. Ушундай абалда бырыштын түшүшүнөн сактануу үчүн кеңештерди сунуштайбыз:

Эгер териңиз кургак болсо

Эки эсе жууну керек

Макияжды кетирүүгө арналган каражаттардын майлуу түрүн пайдаланыңыз. Анын башкаларга караганда таасири күчтүү. Бул ыкманы жасагандан кийин, жуунууга арналган көптүргүчтү (пенка) пайдаланыңыз.

Көзгө

Көз айланасындагы териде май бездери болбогондуктан, жуунуга арналган каражаттар өтө сезимтал келет. Ошондуктан ал жерде бырыш менен катмар пайда болбошу үчүн азыктандыруучу крем сүйкөңүз.

Нымдаштыруучу кез

Күн сайын колдонуп жүргөн нымдаштыруучу лосьонуңузга ишенбеңиз. Анын ордуна азыктандыруучу крем сүйкөңүз керек. Нымдаштыруу эч качан ашыкча болбойт.

Эгер териңиз майлуу болсо

Кычкыл менен достошуңуз

Макияжды сүртүп бүткөндөн кийин, артынан курамында гликолил же болбосо салицил кычкылын пайдаланыңыз. Ал терини май жана кир-чаңдар менен күрөшүүсүнө мүмкүндүк берет.

Эксфолианттарды сактап калууга тырышыңыз

Өлгөн клеткалардан арылуу аркылуу өзүңүздү жана безетки менен кара тактардын пайда болушунан сактайсыз. Эксфолиациидин таасирин күчөтүүгө атайын механикалык щеткалар жардамга келет. Аны өзүңүз текшерип көрүңүз.

Тереңдей түшүңүз

Тери тешикчелери бүтөлүп калган учурда курамында топурагы бар маскалар жардам берет.

Жакшылап нымдаштырыңыз

Териңизди нымдаштыруу үчүн жеңил эмульсия менен майлуулугу аз лосьон пайдаланыңыз.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!