Чачыңыз тез өссүн десеңиз…

Чачыңыз тез өссүн десеңиз…
21-Апр. 2017, Жума

Чачыңыз тез өссүн десеңиз бул үч эрежени унутпаңыз:

1. Ачакейлешкен чачты кыркып туруңуз.
2. Чачыңызды күнүнө бир нече ирээт тараңыз. Себеби бул баш теринин кан айлануусун жана чачтын тез өсүүсүн камсыз кылат.

3. Мүмкүн болушунча чачты өстүрүүчү маскаларды көп колдонуңуз.
Элдин медицина да жакшы жардам берет. Мисалы, буурчактын тунмасы баш теринин кан айлануусун күчөтүп, чачтын өсүүсүнө жардам берет.

Чалкандын жалбырагы менен сабагынан кайнатылган кайтанманы бат-баттан колдонуп турган жакшы.

Пияз маскасы

4 аш кашык сүргүчтөн өткөрүлгөн пиязды бир аш кашык балды аралаштырып, аны баш териңизге сүйкөп, 40 мүнөт кармайсыз. Белгиленген убакыт өткөндөн кийин башыңызды шампунь колдонбостон жууйсуз.

Коньяк кошулган алоэ маскасы

Алоэ ширесин, бал, коньяк жана жумуртканын сарысын кошуп аралаштырасыз. Бирок бул масканы чачыңызды жууп бүткөндөн кийин гана башка сүйкөп, сыртынан целлофан менен ороп коюңуз. Бир сааттай убакыт өткөндөн кийин шамшуньсуз жылуу суу менен чайкап таштаңыз.

Горчица маскасы

2 аш кашык горчица менен зайтун майын, ошондой эле 3 аш кашык айранды кошуп аралаштырыңыз. Кийин бул масканы чачыңызга сүйкөп, 30 мүнөт кармаңыз. Андан кийин жылуу суу менен жууп салыңыз.

Горчица маскасынын дагы бир түрү

Ал үчүн: 2 аш кашык горчица, 2 аш кашык жылуу суу, 1 жумуртканын сарысы, 2 чоң кашык зайтун майы кошуп, баардыгын аралаштырасыз. Бул масканы баш териңизге сүйкөп, аны целофан менен ороп аласыз. Масканы 15 мүнөттөн 1 саатка чейин чыдай алышыңызча кармоого болот. Себеби горчица баш терини ачыштырып кан айланууну тездетет. Убакыт өткөндөн кийин жылуу суу менен чайкап жууп салыңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!