Комедон безеткилери

Комедон безеткилери
28-Дек. 2018, Жума, 10:50

Безеткилер кичинекей жана чоң болот. Алар негизинен май бездеринин тешиктерин жаап калат. Безеткинин түсү бирде кара, бирде кызгылт боло берет. Безетки кеткен кезде ордунда май безинин тешиктери анык көрүнуп турат. Алардын «сүйүктүү орундары» - чеке, бет, мурун, ээк, көкүрөк менен арка. Безеткилер көбүнчө майлуу териге чыгат.

Май бези тешиктеринин жабылып калуусунун себебинен тери мүйүзгө окшош катууланып баштайт. Ошентип безетки чыгат. Анткени май бөлүнүп сыртка чыга албай, бир жерде жыйнала берип тешиктерди чоңойтуп жиберет. Эгер безеткини жарып чыгарса ал жерден тери майы, томпойуп калган тери клеткалары жана башкалар көрүнөт.

Кээде безеткилердин пайда болуусуна ички секреция бездеринин кызматы да себепчи болот. Безетки керек болсо 10-12 жаштагы балдардын да чекелерине, мурундарына чыгат. Бетке безетки чыкканда жыйналган заттардан тазалап, андан ары күчөтүп жибербөө жагын караштыруу керек.

Эң жакшысы карбол самыны менен жуу. Бетти самындап, жумшак губка менен көбүргөнчө сүртөт. Ошентип, бир-эки мүнөт коё туруп, алгач жылуу суу менен, артынан муздак суу менен жууп таштайт. Эгер безеткилер көп болсо кайра самындап жуунуга болот. Ушундайча күндө жууп отурса безеткинин өзү эле кетип калуусу мүмкүн.

Эгер косметикалык кабинетке барууга мүмкүндүк жок болсо, анда колду самындап жууп, бетти тазалап алгандан кийин акырындап сыкса болот. Бирок анын алдында буу ваннасын жасаган оң. Бетти кечке төмөндөгү эритиндинин бири менен сүрткөн жөн:

Атыр же спирт – 50 грамм, бор кычкылынын 5 пайыздык эритмеси – 48 грамм, глицерин – 2 грамм.

Календула – эки кашык, атыр – 30 грамм, суу – 40 грамм, глицерин – 1 грамм.

Жана бетти коргоочу маскаларды да жасаса болот. Ошону менен катар туура тамактанууга да көңүл буруңуз. Тамакты шашпай, жай чайнап жутуш керек. Безетки чыккан кезде көп тамактануудан, жаңы бышкан нандан, өтө ачуу тамактан алыс болгон оң. Ошондой эле, көпкө сиңе турган жумуртка, май, майлуу эт (өзгөчө койдун эти), таттуу ундан жасалган тамактарды аз ичип, жеш керек.

Безетки чыкпаш үчүн тамакты убактысында ичүу кажет. Күнүнө төрт жолу тамактанган туура. Болгону уктаар алдында ичкенге болбойт. Бетти күтүү менен катар безетки чыкканда жалпы гигиенаны туура сактоо кажет. Спорт менен машыгып, таза абада көп жүргөн пайдалуу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
ИИМ: Атаханов Батукаевди бошотууга Атамбаевдин тиешеси бар экенин көрсөткөн
ИИМ: Атаханов Батукаевди бошотууга Атамбаевдин тиешеси бар экенин көрсөткөн
Эл аралык мелдеште кыргыз спортчулары жеңишке жетишти
Эл аралык мелдеште кыргыз спортчулары жеңишке жетишти
Көп балалуу энелерге «Баатыр эне» ордени ыйгарылды
Көп балалуу энелерге «Баатыр эне» ордени ыйгарылды
Сууга агып кеткен үч жаштагы баланы издөө уланууда
Сууга агып кеткен үч жаштагы баланы издөө уланууда
UFC президенти: “Нурмагомедов – Фергюсон” таймашы болушу мүмкүн
UFC президенти: “Нурмагомедов – Фергюсон” таймашы болушу мүмкүн
Бишкек шаарында балдар көргөзмөсү өтөт
Бишкек шаарында балдар көргөзмөсү өтөт
Чолпонбек Базарбаевдин 70 жылдык мааракеси белгиленет
Чолпонбек Базарбаевдин 70 жылдык мааракеси белгиленет
​Керемет: Футболчу бутун тийгизбей гол киргизди (видео)
​Керемет: Футболчу бутун тийгизбей гол киргизди (видео)
Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова жентек той беришти
Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова жентек той беришти
Ишкерлерден акча талап кылган кызматкер пара менен кармалды (видео)
Ишкерлерден акча талап кылган кызматкер пара менен кармалды (видео)
Баткен областында эки жигит сууга чөгүп каза болду
Баткен областында эки жигит сууга чөгүп каза болду
“ПСЖ” президенти: Мындан ары футболчулардын жылдыз оорусуна чыдабайм
“ПСЖ” президенти: Мындан ары футболчулардын жылдыз оорусуна чыдабайм
УКМК: Икрам Илмияновго карата тергөө иши аяктады
УКМК: Икрам Илмияновго карата тергөө иши аяктады
​Сарри расмий түрдө “Ювентустун” башкы машыктыруучусу болду
​Сарри расмий түрдө “Ювентустун” башкы машыктыруучусу болду
Өкмөт: жакыр жашаган үй-бүлөгө 100 миң сом берилет
Өкмөт: жакыр жашаган үй-бүлөгө 100 миң сом берилет
Куудул кыздын Ардак грамотасы талкууда калды
Куудул кыздын Ардак грамотасы талкууда калды