Одри Хепберндин сулуулук сыры

Одри Хепберндин сулуулук сыры
29-Дек. 2018, Ишемби, 12:16

1. Эриним сулуу болсун десеңиз жалаң гана жылуу, жакшы сөздөрдү айтуу керек.

2. Көзүм сулуу болсун десеңиз — адамдардын жакшы жактарын көрө билиңиз.

3. Сырткы келбетим сымбаттуу болсун десеңиз — ачка, колунда жоктор менен тамагыңызды бөлүшүңүз.

4. Чачым кооз болсун десеңиз — күнүнө бир жолу наристенин манжалары менен сылатыңыз.

5. Өзүңүзгө ишенимдүү болуш үчүн бул дүйнөдө өзүңүздүн жалгыз эмес экениңизди билиңиз.

6. Адам өзүн сергек сезүүсү үчүн өзүн өзгөлөрдүн кечиргенин, мактаганын, көтөрмөлөгөнүн, сүйгөнүн каалайт. Эмессе сиз да бирөөнө керексиз. Өмүрүңүздөн эч кимди "ыргытып таштабаңыз”.

7. Аял затынын сулуулугу анын кийген кийиминде, анын жарашыктуулугунда же чач үлгүсүндө да эмес. Аялдын сулуулугу — анын көздөрүндө, анткени көз анын сүйүүгө толгон жүрөгүнө алып барган бирден бир жол.

(с) Одри Хепберн

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!