Терини кандай күтүү керек?

Терини кандай күтүү керек?
22-Янв. 2019, Шейшемби, 16:38

Тери менен нерв системасы тыгыз байланышта болгондуктан, тери курчаган айланадагы бардык маалыматты мээге жеткирип турат. Ага далил катары суукта үшүйбүз, ысыкта тердейбиз, корксок түрүбүз өзгөрөт, уялсак кызарабыз. Сулуулукка жакын кыз-келиндер коому тери кутүмүнө өзгөчө маани беришет. Ал эми териңизди сулуу кылып күтүү аркылуу терини коргоп, витаминдер менен толуктап отурасыз. Теринин сулуулугунун сыры менен терини күтүүдөгү эске алчу кеңештерди сунуштайбыз.

1. Магний менен кальций нерв болуудан арылтып, терини жакшыртат.

2. Бактерияга каршы самындардан баш тартыңыз. Алар бактерияларды жойгону менен, теридеги микрофлораны өлтүрөт.

3. Дене табыңыз көтөрүлсө, тамак ооруса, ооруп калсак антибиотиктерди пайдаланабыз. Бирок алар теридеги микрофлораны жок кылат. Ошондуктан көп пайдаланбаганыңыз жакшы.

4. Күн сайын аз дегенде 2 литр суу ичиңиз. Бул өлчөмгө чай, шире, шорпо жана башка суюктуктар кирбейт. Мүмкүн болушунча кайнабаган, таза суу ичкен пайдалуу.

5. А витамини терини калыбына келтирет. Ошол себептен сабиз, апельсин, мандарин, ашкабак, таттуу перецти көп колдонгон туура. Ошондой эле, айран, каймак, быштак жана жумасына жок дегенде 2-3 жумуртка жеңиз.

6. Синтетикалык кийимдер териге абаны өткөрбөй, тоскоолдук жаратат. Ошол себептен табигый материалдардан жасалган кийим кийиңиз.

7. Теринин саргаюсу, тешиктердин кеңейүүсү, кургап калуу менен эрте түшкөн бырыш көбүнчө тамеки чегүүдөн пайда болот. Тамеки түтүнү териге тешик аркылуу кирип, эркин дем алууну кыйындатат.

8. Сууктан тери кургайт. Ошол себептен ар дайым нымдаштырып, тазалаган майларды колдонуңуз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!