Чыканакка да көңүл бөлүү керек

Чыканакка да көңүл бөлүү керек
31-01-2017

Чыканакка убагында жакшы көңүл бөлүнбөсө бара-бара ал өңү өзгөрүп, катмар болуп калыңдап, кургап, кесиле баштайт. Муну эртелеп кам көрүп, алдын алуу керек.

Эмне үчүн?
Чыканакта май бездери аз болот, ошондуктан ал сыркы факторлорго чыдай албай, өңү өзгөрүлүп, катмарланып кургап кетет. Күңүрт болуп калган тери өңү, чыканак теринин катмар тарта баштаганынын алгачкы белгиси болуп саналат.

Жумушта, үйдө кайда жүрбөйлү чыканакка тиренип отурууну адатка айлантып алганбыз. Чыканак териси назик болгондуктан, ага таянып отуруу менен ого бетер зыян келтиребиз.

Күн жылыган убактарда жеңи жок көйнөктөрдү уялбай кийгиңиз келсе, төмөндөгү кеңештерге көңүл бөлө жүрүңүз.



1. Күнүнө бир жолу чыканак терисинин кургап кетүүсүн алдын алуу максатында нымдоочу крем жана лосьондорду колдонуу керек.

2. Лосьон болбосо лимон ширесин колдонсоңуз болот. Ал үчүн жарым лимонду алып чыканагыңызга сүртүп, бир аз укалоо зарыл. Бул ыкманын натыйжасында тери жумшарып, агарып калат.



3. Сууга түшкөндө чыканакты жакшылап эзип, өлгөн клеткаларды жууп кетириңиз. Ал үчүн териге арналган скраб сүйкөп, андан соң майлуу крем колдонсоңуз болот.

4. Эгер чыканагыңыздын абалы өтө начар болсо, анда ага чыканак маскасын сунуштайбыз. Ал үчүн зайтун майы, жузүм сөөктөрү, итмурун майларын кошуп, аралаштырып чыканакка сүйкөп коюу керек. Сыртынан жакшылап ороп, түнү менен кармаңыз.

5. Чыканакка арналган ванна жасасаңыз болот. Каалаган майларды кошуп, кичине жылытып, чыканакты салып коюу кажет. 10-15 мүнөт кармап, жылуу суу менен жууп салып, майлуу крем сүйкөп койгон оң.

6. Самындын жардамы менен да катып калган терини жибитип, өлгөн клеткалардан арылууга болот.

7. Чыканакка дары чөптөр кошулган ванна жасасаңыз, терини жумшартууга жакшы жардам берет.

8. Күнгө чыгаардан мурун, күн нурунан коргоочу кремди чыканакка сүйкөп коюуну да унутпаңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!