Жайкы мезгилге чач өңдөрүн тандоо

Жайкы мезгилге чач өңдөрүн тандоо
25-Апр. 2017, Шейшемби

Чач тарачыңызга кайрылып бул жайдын саркеч айымына айланыңыз.

Сары түстөгү чачтар

Сары чачтуулар Голливудду башкарышат. Жарнамалык кампаниялардын жана экран жүзү болгон - бир гана сары чачтуу айымдар.

Ким тобокелге салууга даяр? Чачтын түп тамырларын кара өңдө калтырып, атайылап чачты ирээтсиз тарап алуулар. Мисалы, Кары Делевинь жана Хлои Морецтикиндей чачтарды саркеч деп таанылууда.

Кара түстөгү чачтар үчүн

Чачты башка бир өңгө боёп салбастан деле өзгөрүү киргизсе болот. Өзүңүздүн чач тарачыңызга кайрылган учурда бир канча тал чачыңызды жылуу түстөргө боётсоңуз болот. Алар күнгө чыкканда кулпуруп кооз өң берет.

Кызыл өңүдүүлөр үчүн

Кызыл өңдөгү чачтар үчүн башка өңдөргө караганда тандоо көп. Ачык өңдөн тартып терең Бургундия, ак саргыл-жылуу өндөр менен аяктайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!