Пигменттик тактар эмнеден улам пайда болот?

Пигменттик тактар эмнеден улам пайда болот?
7-Фев. 2019, Бейшемби, 13:47

Пигменттик тактар кээ бир клеткалар мелонинди мурункуга караганда көп бөлүп чыгара баштаганда пайда болот.

Белгилери:

Сепкилден айырмаланып алар чоң жана күтүүсүз жерден чыга баштайт. Бирдей формада болбойт. Алар эч кандай коркунуч жаратпайт. Бирок организмде кээ бир өзгөрүүлөр болуп жатканынан кабар берет.

Күнгө күйүү:

Жайында көп күн алдына жатып күйгөндө меланоцит клеткалары кээ бир жерде адаттан көп меланин бөлүп чыгарат.

Теринин жаракат алуусу:

Тытылып, күйүк жана башкалар. Организм жаракат болгон жерди күндүн нурларынан меланиндин жардамы менен активдүү коргойт, андан улам ал жер карарып баштайт.

Гормондор:

Кош бойлуулук, баланы болтурбоочу дары-дарымектерди кабыл алуу, эндокриндик оорулар гормоналдык тең салмактуулукту бузуп, кээде пигметтик тактарды пайда кылат.

Жаш курак:

Жаш улгайган сайын тери жукарат, меланин клеткалары теринин өйдөнкү катмарында болуп калат да, көзгө көрүнө баштайт.

Дары ичүү:

Тетрациклин турүнө кирген антибиотиктер, ретиноид жана химиятеропия препараттары да пайда кылат.

Органдардын оорусу:

Боор, өт жана башка ашказан ооруларынан улам тактар чыгышы мүмкүн.

Эскертүү! Пигменттик тактарды эмнеден улам чыгып жатканын аныктабастан дарылабаңыз!

Кантип арылса болот?

Терини калың кылыш үчүн: жакшылап нымдаштырып, көбүрөөк суу ичиңиз.

Жок кылыш үчүн дерматолог-дарыгерге кайрылыңыз.

Агартуучу маскалар:

Лимон жана бал

Жаңы сыгылган лимон ширесине (1:1) бирдей өлчөмдө бал кошуңуз. Бетке сүйкөп, 20 мүнөттөн кийин жууп таштаңыз.

Кефир маскасы

Кефирди пигменттик так болгон жерге сүйкөңүз. 15-20 мүнөт кармап туруңуз. Бир нече тамчы лимон кошулган суу менен жууңуз.

Эскертүү!

Кечкисин масканы жасаган жакшы натыйжа берет. 20-мүнөттөн ашырбаңыз. Пигменттик тактар бар гана жерлерге сүйкөңүз. Аягында азыктандыруучу крем колдонуңуз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!