Сулуу болунун жеңил ыкмалары

Сулуу болунун жеңил ыкмалары
27-Апр. 2017, Бейшемби

Жылдар эмес, кылымдар бою аялзаты сулуулук үчүн көп каражат жумшап келет. Ушул убакыт аралыгында сулуу болунун арзан жана жеңил жолдору да белгилүү. Тактап айтсак:

  • Бетиңизге бырыш түшсө бал сүйкөңүз.
  • Уктаар алдында көзүңүздүн айланасына кастор майын сүйкөп жатыңыз.
  • Кирпик менен кашка да кастор майын сүйкөгөндү унутпаңыз.
  • Бетти тазалоо үчүн жумуртканын сарысы менен лимон ширесин пайдаланыңыз. Экөөнүн аралашмасын бетке сүйкөңүз
  • Бетти жуй турган кезде сулуу данынын суусун пайдаланыңыз.
  • Бетиңизди безетки басып кетсе, сүргүчтөн өткөрүлгөн алма менен бал маскасын колдонуңуз.
  • Бетиңиз өтө кургак болсо, майонез маскасын жасаңыз.
  • Бетиңизге тактар пайда болсо бадыраңды сүргүчтөн өткөрүп, бетке сүйкөп, 15 мүнөттөн кийин тазалап жууп салыңыз.
  • Чачты жалтыратуу үчүн бир аш кашык уксусду бир литр сууга аралаштырып чайкаңыз.
  • Эртең мененки жуунууда контрасттуу душ кабыл алыңыз: алгач салкын суу, андан кийин жылуу суу. Бул денени сергитип, кан айланууну калыбына келтирет.
  • Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!