Айя Исламалиева: “Мен тоналдык крем менен пудрага каршымын”

Айя Исламалиева: “Мен тоналдык крем менен пудрага каршымын”
5-Март 2019, Шейшемби, 23:47

Косметология- адамдын организминдеги, сырткы келбетиндеги эстетикалык көйгөйлөрдү изилдеп, оңдогон медицинанын бир тармагы. Бул тармакта Бишкек, Корея, Чехия, Москва шаарларынан билим алып, азыркы учурда төрт жылдан бери өзүнүн косметологиялык студиясын иштетип келе жаткан врач-косметолог Айя Исламалиева zaman.kg сайтына бетке туура кам көрүү туурасында кененирээк айтып берди.


-Бетти жуугандан кийин тырышып, тартылып калса эмне кылуу керек?

-Бетти жуугандан кийин тартылып калбаш үчүн беттин терисине жараша косметикалык каражат колдонуш керек. Гель, пенька менен жуугандан кийин сөзсүз түрдө тоникти колдонгон жакшы. Тоник беттин терисин бирдей кылып, тартылганын жоготот.

-Көздүн асты карарып калса кандай чара колдонобуз?

-Көздүн астынын карарышына ар кандай себептер болушу мүмкүн. Өтө чарчоо, уйкунун канбаганы, ички органдардын оорусу, С витаминин жетишсиздиги же тукумунан берилиши дагы мүмкүн. Көздүн астынын карарганын укалоо жолу менен же ультрадобуштар кетиргенге аракет кылса болот.

-Безетки (прыщи) эмне себептен улам чыгат, жана кантип арылса болот?

-Безеткинин пайда болушуна көптөгөн себептер бар. Негизинен безетки организмдин горманалдык өзгөрүүсүнүн таасири. Мындай өзгөрүүлөр кош бойлуу айымдарда, этек кирдин келүү убактысында болот. Кээ бир учурларда тактардын чыгуусу менен коштолот. Себептерин билип, дарылоо үчүн организм менен теринин толук диагностикасы керек. Безеткиден кийин калган тактардан аппараттык методдор менен кетирген натыйжалуу. Өзгөчө лазердик тазалоо эффективдүү. Ал эми тазалоо боюнча алсак үстүртөн жана терең пилинг жардам берет. Косметолог сунуштаган жогорку, жакшы сапаттагы косметикалык каражаттарды колдонгонуңар туура.

-Беттеги каратактар (черные точки) эмнеден пайда болот, алардан арылуунун кандай жолдору бар?

-Кара тактар - бул камедондор. Тактап айтканда терини тешиктерин бүтөп калган май түтүктөрү, ал эми кара өң теринин тешиктерине толуп калган чаң десек болот. Кара тактардын аз болушу үчүн беттин терисин убагында тазалап туруу керек. Үй шартында тазалоодо, негизги керектүү каражаттардын баары болуш керек. Жуунучу гель, тоник, пилинг жана маскалар. Кээде салондук процедураларды алууну унутпоо керек.

- Бетти бир тазалаткандан кийин, косметологго бат-баттан барып туруу керекпи?

- Ооба. Анткени силер бир күнү бетти тазалатуу үчүн келесиңер, ал эми бул нерсе силердин териңер үчүн керек. Бетти тазалоо менен кара тактардын, безеткилердин пайда болуусун алдын аласыңар. Тазалаткандан кийин үй шартындагы маскалар териге терең сиңип калат. Андан косметикалык каражаттар тегиз отурат.

-25 жашка чейин жана кийин бетке кантип туура кам көрүү керек?

-Теринин табигый картаюсу 16 жаштан башталат. Ушул себептен улам жаш кезиңден баштап териге туура кам көрүп баштоо керек. Кам көрүү дайыма косметологго баруу дегенди түшүндүрбөйт. Бетке кам көрүү - бул убагында жууп, тоник колдонуп, макияждан бетти дайыма тазалап туруу, териге крем сүйкөп туруу, маскаларды коюу. Эгерде жаш кезибизден териге кам көрсөк 30га чыкканда терибиз жакшы сакталаган болот.

Ал эми 25 жаштан кийин профессионалга кайрылып, териге кам көрүү боюнча кеңеш алуу зарыл. Жашыңызга ылайык кандай үй шартындагы косметикалык каражаттарды колдонуу керектигин кеңешкен туура.

-Кантип картаюу процессин башкарса болот. Көздүн тегерегиндеги бырыштардан кантип арылса болот?

-Өзүңөрдүн ден соолугуңарга, тамактанууңарга кам көрүп, спорт менен машыгып туруу керек. Анткени биз көбүнчө стресс менен нервден картаябыз. Андыктан ден соолукка кам көрүп, туура тамактанууга өтүп, стрессти спорт аркылуу чыгарганга үйрөнүш керек. Ал үчүн йога, фитнес, сууда сүзүү менен машыкса болот.

Бырыштардын алдын алуу үчүн кремдерди колдонуп, көздүн тегерегине маскаларды коюу керек. Өз алдынча массаж кылыш керек. Эгерде булар дагы жардам бербесе косметологго барып, сулуулук инъекцияларын алган жакшы.

-Пигменттик тактар, сепкилдер эмнеден пайда болот жана алардан кантип арылса болот?

-Күндө көп жүрүү, теринин сезгениши. Мисалы, безеткиден кийин алардын ордуна көпчүлүк учурда пигменттик тактар пайда болот. Ар кандай жаракаттар, күйүктөр, мисалы, юезеткини катуу сыккандан кийин, же болбосо безеткилерди дайыма спирт же башка дагы каражаттар менен күйгүзүүдө келип чыгат. Кош бойлуу убакта же горманолдык бойго бүтүрбөөчү дарыларды ичүүдө, тери күнгө өтө сезгич болуп калат да пигменттик тактардын, сепкилдердин пайда болушуна алып келет.

Сепкил- генетикалык пигменттик тактар. Алардын пайда болушу, үй-бүлөдө кимдикинде сепкил бар болсо, тукум улайт. Сепкилден толугу менен айрылууга мүмкүн эмес, бирок косметологиялык аппарат менен билинбегендей кылып, агартса болот.

-Кургак териге кантип кам көрүү керек? Тери крем, гелдин колдонгонуна карабай кургап турса, согончок кургап жарылганда эмне кылуу керек?

-Атайын бет жуугучтар менен жууп, гель, тониктерди колдонуу керек. Кечинде атайын кремдерди сүйкөп, күндүз болсо SPF кремдерди колдонуу туура. Үй шартында атайын маскаларды колдонгон жакшы.

Теринин крем колдонгонуна карабай кургашы, организмде витаминдердин жетишсиздигинен болот. Жарым жылда бир кыздар атайын организмдери жана териси үчүн витаминдерди ичип туруусу керек. Сөзсүз түрдө үй шартында кам көргөн, тазалап, тоник колдонуу, терини азыктандыруу керек.

Азыктандыруу, кремдерди колдонуу керек. Эгерде башка көйгөйлөр болсо, башка дагы аспектилерди кароо керек. Ыңгайсыз бут кийим, A, B жана E витаминдеринин жетишсиздиги, же теринин оорусу. Эгерде согончоктун үзгүлтүксүз жарылуусун байкасаңар, псориаз, буттун грибогу, ихтиоз жөнүндө кабар бериши мүмкүн. Дарылоо учурунда, кайра жарылуудан сактануу үчүн жакшы бут кийимдерди кийгениңер, туура. Суу көбүрөөк ичип, мөмө-жемиштерди көп жегиле.

-Бетке, оозго кылынган ботокстун кандай терс жактары бар?

-Оозго гиалурон кислотасын , ал эми бетке ботокс колдонобуз. Баардык эле инъекцияларга көрсөтүлгөндөй шарттар бар. Кош бойлуулар менен баласын эмизгендерге болбойт. Температура көтөрүлүп, ооруп жаткан мезгилде, канга байланыштуу оорулар учурунда дарыларды ичүүдө болбойт. Эпилепсияда, учук (герпес) чыкканда сайдырууга болбойт.

-Беттин терисин чаңдан, күндөн,сууктан тоналдык крем жакшы коргойбу же пудрабы?

- Мен тоналдык кремдер менен пудрага каршымын. Беттин терисин күндөн SPF фактору жогорку деңгээлде болгон күндөн коргоочу кремдер жакшы коргойт. Же болбосо BB кремдерди колдонгон туура.

-Кыздарга териге кам көрүү боюнча кандай кеңештерди бересиз?

-Териге эрте кам көрүп баштоо туура, силерди келечектеги көйгөйлөрдөн сактайт. Жаш кезден эле териге кам көрүү, бырыштын эрте түшүшүнөн сактайт. Жаш кезиңерден баштап териге туура кам көрүүнү үйрөнгүлө демекчимин.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!