Согончок жарылса...

Согончок жарылса...
28-Апр. 2017, Жума

Көбүнчө жай мезгилдеринде согончоктун жарылып кеткенин көптөгөн адамдардан байкаса болот. Андай жагдайда кабырчык менен ашык терини устара менен кырып таштоодон оолак болуңуз. Ашыкча тери устара менен кырган сайын кайрадан пайда боло берет. Бирок ал териге крем сүйкөсө да жардам бербей турганын эскерте кетсек. Ошону менен бирге согончокту жумшартып алып тазалоого болбойт.

Ал үчүн жуунардын алдында согончокко крем сүйкөп, бир аз күтүп туруу керек. Андан кийин согончок кырган ташты алып, кургак согончокту сүртүү керек. Өлгөн теринин кандай түшөөрүн ошондо көрөсүз. Процесс токтоп калса, кыргычты суулап алып уланта бересиз. 2-3 ирээт кайталаган соң жууй берсе болот. Душтан кийин жумшак согончокко крем сүйкөп койуңуз. Беш күн бою жасалган эмдөө процессинден кийин согончогуңуз жумшарып калат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!