Кымбат кремдер эмне үчүн бырышты кетирбейт?

Кымбат кремдер эмне үчүн бырышты кетирбейт?
12-Март 2019, Шейшемби, 15:26

Менмин деген фирмалардын, баасы жогору болгон кремдери дагы бырышты толугу менен кетире албайт. Ал болгону беттеги бырыштын санын азайтып, андан ары бырыштын түшпөөсүнө көмөк берет. Кремди колдонуп жатканда, анын таасири массаж аркылуу гана ишке аша тургандыгын косметолог адистери эскертет.

Ал үчүн бетке крем койгон сайын утур-утур массаж жасоо керек. Массажды жок дегенде 15 мүнөттөн кем эмес жасаган туура. Мына ошондо сиз бетке бырыш түшүүнүн алдын алган болосуз. Дал ошол массаж аркылуу беттеги булчуңдар чыңалып, териңиз тартылышып, сонун болуп калат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!