Беттин терисин кантип тазалоого болот?

Беттин терисин кантип тазалоого болот?
2-Май 2017, Шейшемби

Жаз мезгилинде бетибиз тез майланып кетет. Ошол себептен аны ар дайым тазалап туруу керек.Бетти тазалоонун бир нече ыкмасын сунуштайбыз.

Минералдуу суу менен жуу

Эгер бетиңиз тез майланып кетип жатса, курамында туз көп сууну тандаганыңыз жакшы. Ал бетиңизди кургак болсо, курамында минералы аз суу менен жууш керек.

Лосьон

Лимонду тоголок чарчы кылып кесип алыңыз, үстүнө муздак суу куюп, 2-3 сааттай жабык идиште коё турасыз. Бул лосьон менен бетиңизди 3-4 күн катары менен сүртүп турасыз. Андан соң 1-2 жума токтото турасыз да кайрадан сүртөсүз.

Тоник

Бетке крем сүйкөөрдөн мурда тоник менен тазалап алган жакшы. Аны даярдоо үчүн бизге:

-50 гр көк чай,

-50 гр жалбыз

-100 гр суу

-1 чай кашык лимон ширеси

-20 мл спирт (арак) керек болот.

Көк чай менен жалбызга кайнаган суу куюп, тундуруп коёюуз. Муздагандан кийин сүзгүчтөн өткөрүп аласыз. Кошулмага лимон ширеси менен аракты кошуп, аралаштырасыз.Бул тоникти муздаткычта сактоо керек.

Муз менен сүртүү

Минерал сууну муз катыргыч идиштерге куюп, тоңдурасыз. Эртең менен жуунгандан кийин бетиңизди минерал суу менен сүртүңүз. Эгерде бетиңизге безетки, кара тактар чыгып кете берсе, минерал суунун ордуна ромашка кайнатмасын тоңдуруп, пайдаланууга болот. Аны даярдоо үчүн кичине идишке 300 мл минерал суусун куюп, 3 аш кашык ромашка гүлүн кошуп, аралаштырасыз. Отко коюп, кайнатып, муздаткычка салып тоңдуруп коёсуз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!