Чычырканак майы бетти агартып, жашартат

Чычырканак майы бетти агартып, жашартат
30-Апр. 2019, Шейшемби, 15:40

Чычырканак майы беттин териси учүн абдан пайдалуу. Косметологияда чычырканак майы бетти жашартуучу жана андагы бырыштарды кетирүүчү касиетке ээ. Мындан сырткары кесилген жерлерди дагы бат айыктырууга жардамга келет. Бетке чыккан угри жана ысыкка каршы дагы колдонууга болот.

Көбүнчө тери ооруларынан кийин чычырканак майы көп колдонулат. Чычырканак беттин терисин жумшак жана жылмакай кылып коёт. Анын себеби чычырканактын курамында витамин С,Е,К болгондугунда.

Көздүн тегерегиндеги бырыштарды кетирүүчү маска

Ал үчүн бир чай кашык кокос майына жарым чай кашык чычырканак майын жана витамин Е капсуласын кошуп аралаштырасыз. Даяр болгон аралашманы көздүн тегерегине сүйкөйсүз. Андан соң отуз мүнөт өткөндөн кийин жылуу суу менен жууп салуу керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР