Денеге жасалчу маска

Денеге жасалчу маска
25-Июль 2019, Бейшемби, 15:54

Клубникадан жасалган маска

Клубниканы майдалап, ага майлуулугу жогору каймак майын кошуп жакшылап аралаштырабыз. Ага кааласаңыз деңиз тузун кошуп койсоңуз дагы болот. Даяр болгон масканы денеңизге сүйкөп, он мүнөттөн кийин жууп салуу керек. Туз денедеги өлгөн клеткаларды кетирүүгө жардам берип, денени жылмакай кылат.

Бал маскасы

Бал маскасы денени сууландыруучу мыкты антиоксидант. Ал терини жашартып, андагы сезгенүүлөрдү кетирет. Мисалга, балга эфир майын жана жумуртканын сарысын кошуп аралаштырабыз. Аны дагы денеңизге он беш мүнөт коюп, кийин жылуу суу менен жууп саласыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!