45 жаштан кийин аялдардын моюн терисине бырыш түшүп, тери бошоп калаары жашыруун эмес. Ошол эле учурда диета кармоо, бат арыктоо жана гормоналдык өзгөрүүлөр дагы териге түздөн-түз таасирин тийгизет.
Эмне кылыш керек?
Арийне табият мыйзамына каршы эч ким келе албас. А бирок, жашартуучу маскаларды колдонуу менен сиз териңизге жаңылык киргизе аласыз.
Ал үчүн жарым чай кашык баткакка (атайын дарыканаларда да сатылат), 6-7 кашык алма уксусун кошосуз. Андан кийин бир аз кайнак суу куюп, ботко сыяктуу маска даярдап аласыз. Даяр болгон масканы мойнуңузга 20 мүнөт коюп, кийин салкын суу менен жууп салуу керек. Мындай маска сиздин моюн териңизди тартылыштырып натыйжа бермекчи.