Минерал суусундугу менен бетиңиздеги тактарды кетириңиз!

Минерал суусундугу менен бетиңиздеги тактарды кетириңиз!
24-Окт. 2019, Бейшемби, 13:15

Сулуулук сырларын сактагыңыз келсе, күнүнө эки литр суу ичүү керек дегенди угуп эле жүрөбүз. Бул нерсени угуп, бирок аны дайыма эле аткара бербейбиз. Адистер минерал суусундугунун пайдасы өтө көп экендигин эскертет. Мисалга, бетиңизди газдалган суусундукка бир канча убакыт салып турсаңыз, бетиңиздеги тактардан арылган болосуз. Ал бир гана тактардан арылууга жардам бербестен, бетке бырыш түшүүдөн дагы коргоп жана жүзүңүздү тегиз, жылмакай кылып койгонго жардам берет.

Газдалган суусундукту бетке тоник катары дагы колдонсоңуз болот. Ал үчүн пахтаны газдалган сууга салып, бетти сүртүү керек. Мындай ыкма бетке безетки чыгуудан дагы сактайт. Муну сиз уктаар алдында жүзүңүздү моюнга чейин сүртүп тазалап чыкканыңыз оң. Газдалган суусундукка бираз лимон согун кошуп койсоңуз анын натыйжасы андан да жакшы болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!