Эгер сулуу болом десеңиз…

 Эгер сулуу болом десеңиз…
30-Май 2017, Шейшемби

Эгер сиз жапжаш бойдон 50 жаштан ашкыңыз келсе, жалкоолукту ташташыңыз керек. Дайыма эртең менен бетиңизди муздак суу менен жууп, күзгүдөн өзүңүзгө өзүңүз бир жылмаюу менен карап, төмөнкү эң жөнөкөй эрежелерди сактоого аракет кылыңыз:

  • Кандай учур болбосун токтоолук зарыл.
  • Ден соолукка зыян көнүмүш адаттардан алыс болуу.
  • Өз маалы менен эс алуу жана нормалдуу тамактануу.
  • Жаратылыш менен тыгыз байланышта болуу.
  • Дайыма кыймыл-аракетте болуу же спорттун бир-эки түрү менен машыгуу.
  • Эң башкысы ар бир аял өзүн-өзү сүйүү керек. Ошондой эле өзүнө аяр мамиле жасашы керек.
  • Эгерде Клеопатраныкындай денеңиздин терисин жумшак жана тунук кылгыңыз келсе, сууга түшкөн соң мурда муздаткычта салынып турган сүт менен денеңизди сүртүңүз. Эгер денеңиз майлуу болсо сүттүн майлуулугун ажыратуу керек.
  • Бетиңизди жумасына бир жолу кургатылган ромашка же лаванда гүлү менен бууласаңыз (3 чай кашык, 2 стакан сууга) ар кандай аллергиялык кызаруулардын жана безеткилердин жоюлушуна жардам берет.
  • Эгер чачыңыз абдан түшүп жатса 1 кашык кургатылган чалканды 1 литр сууга 10 минута жай кайнатып, таза жуулган чачты чайкап туруу керек.
  • Эгер чачка какач түшө баштаса лаванда майын тарагыңызга 1-2 тамчы тамчылаткан соң чачыңызды тарасаңыз абдан жакшы жардамын берет.
  • Бал менен жасалган маска бетиңиздеги майда бырыштарды жазат жана теринин нымдуулугун калыбына келтирет. Таза жуулган бетке бал сүйкөп, 10 минутадан кийин жылуу суу менен чайкап коюу керек.
  • Колуңуз абдан кесилип кетсе, крем сүрткөндөн кийин калың катмар мээлейин кийип жатсаңыз эртең менен колуңуз жумшарып, сиз күтпөгөн тыянакка алып келет.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!