Суукта бырышкан кол терисине каршы маскалар

Суукта бырышкан кол терисине каршы маскалар
17-Янв. 2020, Жума, 04:20

Айымдардын колунун терисине карап анын жаш өзгөчөлүгүн байкоого болот экен. Албетте, алгач эле бырыштар бет терисине түшөт, андан кийинки эле орунда кол терисине түшмөкчү.

Суукта бырышкан кол териси үчүн...

Бир даана сабизди өткөзгүчтөн өткөрүп, ага 2 чай кашык крахмал кошосуз. Анын үстүнө бир жумуртканын сарысын кошуп, аралаштырып колдун терисине сүйкөйсүз. 20 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп салуу керек. Бул маска колдун терисин сонун кылып жумшартып коёт.

Колуңуз аябай кургап, жарылып кетсе...

Ал үчүн петрушканы өткөргүчтөн өткорүп, ширесин сыгып аласыз. Бир чай кашык петрушканын ширесине, жарым аш кашык балык майын жана үч чай кашык быштакты кошуп аралаштырып аласыз. Даяр масканы колуңузга сүйкөп, 15-20 мүнөттөн кийин жууп салуу керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР