Терини сергитүүчү маска

Терини сергитүүчү маска
22-Янв. 2020, Шаршемби, 06:52

Бүгүн биз сиздер менен терини сергитүү, нымдаштырып, жылмакай кылып койгон маска менен бөлүшөбүз.

Ал үчүн бизге: кызыл шарап, какао жана алма керектелет.

Кызыл шарапта (вино) тери үчүн пайдалуу зат бар. Ал антиоксидант катары теринин картаюсун алдын алат.

Биздин бетибизде радикалдар бири-бири менен кагышкандан улам, тез картаюга дуушар болот экенбиз.

Ага стресс, чылым чегүү, туура эмес тамактануу, химикаттар таасир этет.

Какаонун дагы курамында витаминдер көп жана бет терисин сонун кылып тазалайт.

Алмада болсо темир, калий жана С витамини көп. Мына ушулардын бардыгын кошсок терини нымдаштыруучу, тазалоочу сонун маска пайда болот.

Алгач алманы кашык менен кырып алып, ага какао жана эки аш кашык шарапты кошуп аралаштырып аласыз. Даяр масканы бетиңизге 15 мүнөт коюп, кийин жылуу суу менен жууп салуу керек. Андан соң бет териңизге ыңгайлуу крем сүйкөп коёсуз.

Аталган маска, бет терисин тартылыштырып, аны сонун кылып тазалап, жылмакай кылып коёт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР