“Кыздын көркү чач”,- деп бекеринен айтылбаса керек. Ал эми чачыңыз ар дайым жалтырап, сүйкүмдүү болуп туруш үчүн атайын маскаларды колдонуп туруш керек.

Колуңуздан келсе табигый азыктарды колдонгон жакшы. Үй шартында чачты жалтыратуучу масканы сунуш кылабыз:

Болгону сизге жумуртка, айран же болбосу йогурт, майонез же йогурт керектелет. Ал үчүн 1 жумурткага, 4 аш кашык айран, 2 аш кашык майонез жана 1 аш кашык кастор майын кошуп аралаштырып, маска жасап аласыз. Даяр масканы чачыңызга сүйкөп, 20 мүнөттөн кийин жууп салуу керек. Бул масканы жумасына эки жолу жасасаңыз, натыйжасы мол болот.