Тынымсыз түшүп жаткан чачка натыйжалуу маска менен бөлүшөбүз.

Керектүү витаминдер

1 ампула В6 витамини

1 ампула В12 витамини

1 грамм С витамини

2 аш кашык уйгак майы (репейное масло)

2 аш кашык бал

2 аш кашык өзүңүз колдонуп жүргөн бальзам

Төмөнкүлөрдүн бардыгын аралаштырып, чачыңызды жуугандан бир саат мурун, даяр масканы алгач чачтын түбүнө, кийин учтарына сүйкөө керек.

Андан соң башыңызга чепчик кийип, 20 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп салуу керек.

Аталган маска абдан пайдалуу жана өтө оңой жуулат, анткени масканын курамында май жана бальзам кошулган.