Лимонду бир гана ашканада жана иммунитетти бекемдөө үчүн колдонбостон, аны эпидермисти кетирүү үчүн дагы колдонсо болот. Ошол эле учурда беттеги жука кан тамырларды пайда кылбоого жардам берет жана беттеги майлуулукту азайтат. Ал үчүн төмөнкү масканы колдонуп көрүңүз:

Лимонду бираз убакытка муздаткычка салып коёбуз. Кийин аны алып чыгып, экиге бөлүп, ортосуна бал сүйкөп алабыз.

Бал сүйкөлгөн лимонду алып беттеги кара тактар бар жерге массаж иретинде сүйкөйбүз

Масканы бетиңизге 5 мүнөт койгондон кийин,жылуу суу менен жууп салуу керек.

Бул маска: бетиңизди агартып, андагы кара тактарды кетирүүгө жана майда угрилерди дагы кетирүүгө жардам берет.