Бетти жумшартуучу аралашма

Бетти жумшартуучу аралашма
9-Июнь 2017, Жума

Ар бир кыз бетинин жибектей жумшак болгонун каалайт. Бирок, аба ырайына, теринин тиби менен тамактанууга байланыштуу бетибиз майланышып же кургап кетет. Бул маселени чечүү үчүн шекерден жасалган скрабды колдонуу керек.

Скрабты даярдоо ыкмасы: ✔ 1 стакан күрөң шекер менен жарым стакан кокос же миндаль майы менен аралаштырабыз. Бул аралашмага каалашыңызча эфир майларын кошсоңуз болот.

Даяр болгон скрабды таза бетке сүйкөп, суу менен жууп салуу керек. Гель же самын менен жуунун кажети жок.

Шекерден жасалган скраб башка ыкмаларга караганда жумшагыраак болот. Ал бетти тазартып гана койбой, аны нымдаштырат. Эгер бетиңиз кургак же болбосо сезимтал болсо ушу ыкманы колдонууңузду сунуш кылабыз.

Адатта шекерден жасалган маскаларга эфир майларын, жемиш кычкылдарын, кофе же какао кошуп даярдоого болот. Ал эми аралашмага жаңгак майын кошсоңуз бетиңизди жумшак кылат.

Бул скрабды жумасына бир-эки ирээт жасап турсаңыз беттин кургап түлөп кетүүсүн алдын алат. Бирок шекер скрабын көп колдонбоо керек, себеби беттин териси “жаңырып” турууга жетишпей калуусу мүмкүн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!