Чачыңыз агарып жатса...

Чачыңыз агарып жатса...
21-Июнь 2017, Шаршемби

Үй шартындагы агарган чачты кетирүүдөгү жаңы ыкманы сунуштайбыз. Көпчүлүк аялзаты агарган чачын жашыруу үчүн бат-бат боёп турушат. Бул түйшүктөн биролото арылуу үчүн төмөндөгү ыкманы колдонуу шарт. Бул ыкма тез жана эффективдүү болот


Керектелүүчү колдонмолор: 1 аш кашык таза бал, 1 аш кашык кастор майы, 1 аш кашык таза коньяк жана бир жумуртканын сарысы. Баарын идишке салып жакшы аралаштырып, чачтын түптөрүнө 5 мүнөт сүйкөп, сыртынан салафан баштыкчаны жаап, жоолук менен ороп коюу керек. Мындай абалда 2-3 саат кармоо зарыл. Андан кийин шампунь менен таза жууп, бул ыкманы жумасына 2 жолу жасоо сунушталат. Ушундай ыкманы 3-4- жолу жасагандан кийин ак чачтан биротоло арыласыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!