Какач кантип пайда болот?

Какач кантип пайда болот?
27-Июнь 2017, Шейшемби

Какачтын кайдан, кантип пайда болорун билбей, ар нерсеге жоруй бермей адатыбыз бар эмеспи. "Какач менен кантип күрөшүүгө болот, канткенде аны жоготсо болот?" - деген суроо көпчүлүктүн башын катырып, кээ бири байма-бай шампунь алмаштырса, кээ бири ар кандай майлар менен майлашат.

Кээ бирлер "Башымда какачым жок эле, бирөөнүн тарагы менен тарана коём деп какачтап кеттим", - деп калышат. Мындай мифтин канчасы чын, канчасы калп экенин билүүгө аракеттендик. Көрсө, какач тарак аркылуу жукпайт экен. Өзүбүздүн ички органдардын себебинен улам пайда болгон организмибиздин реакциясы экен. Башкача айтканда, какачты башка адамдан жуктуруп алдым деген таптакыр чындыкка жатпаган иш. Чачты өтө тез убакыттын ичинде жууй берсе, чачтын майлуулугу кетип, кургап калат дагы, баш теринин абалын начарлатып жиберет. Чачтын абалына карап тандалган шампунь баш терини жакшыртат.

Ошондуктан, эч кандай химиялык кошулмалары жок эле жөнөкөй, жумшак шампунь тандаган дурус. Чачты баттан тарап туруу какачтын жок болушуна жакшы жардам берет.

Бирок тарайт деген ушу экен деп катуу тарай берсеңиз, баш териңизди жабыркатып алышыңыз ыктымал. Ошондуктан жай, башыңызга акырындан тийгизип тарашыңыз керек.

Какачка каршы

Калай идишке 4 аш кашык оливка майы менен лимондун жарымынын ширесин кошуп кайнатасыз. Ал кичине муздап калганда, чачыңызды экиге бөлүп алып, чачыңыздын түптөрүнө сыйпап чыгыңыз. Мындай ыкма чачыңыздагы кычкылдыкты калыбына келтирип, какачтын жок болушуна шарт түзөт.

Эки жумуртканын сарысы менен лимон ширесин аралаштырып, 2 тамчы чачты калыбына келтирүүчү майларды кошуп чачыңыздын түбүнө сүртөсүз.

Календуланын кайнатмасына кастор майынан кошуп чачыңызга сүйкөсөңүз дагы жакшы жыйынтык берет.

Майлуу чачтагы какачты кетире албай жатсаңыз, 1 аш кашык пияздын ширесине 2 аш кашык арактан кошуп туруп сүртсөңүз, какачыңыз сен көр, мен көр жоголот.

Кызылчанын суусу да какачты тез кетирүүгө жардам берет. Таза жуулган кызылчаны экиге бөлүп кайнатып, кайнатма менен башыңызды жуусаңыз да какачыңыздан арылып, жыргап эле каласыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!