Сепкил эмне себептен түшөт?

Сепкил эмне себептен түшөт?
28-Июнь 2017, Шаршемби

Сепкил – тегерек же сүйрү формадагы, ачык сарыдан кочкул күрөӊ түскө чейинки беттеги жана денедеги пигменттүү тактар. Мунун пайда болушунун себептери:

1. Күн нурунун таасири жана тукум куучулук. Теринин алдында меланин пигменти жайгашкан, ал организмди күндүн ультра сыя-көк нурларынан коргойт. Теринин өӊү канчалык ачык болсо, ысык кезде меланин ошончолук көп бөлүнүп чыгат. Бул организмдин терини күндөн күйүп калуудан сактоого жасаган аракети. Андыктан сепкил көбүнчө өӊү сары адамдарда көп кездешет. Сепкил жазында пайда болуп, жайында көбөйүп кетет да, кыш түшкөнү өӊү өчүп билинбей калат. Күн нурунун алдында адам канчалык көп жүрсө, сепкил ошончолук көбөйөт. Сепкил негизи тукум кууйт.
2. Ички бездердин иштөөсүнүн бузулуусу, боордун жана өттүн оорулары жана башка. Андыктан мурун жок болуп, кийин бетке сепкил түшсө, врачтарга барып текшерилүү керек. Оорудан болсо дарылансаӊыз кетип калат.

Пайдалуу ботколор

Тукум кууган сепкилди биротоло кетирүүгө мүмкүн эмес, бирок аны көп чыгарбай кармоого, атайын ботколор менен өӊүн бозортуп билиндирбей коюуга болот.

Петрушка
Майлуу тери үчүн. Петрушканын 1 аш кашык ширесине 1 аш кашык йогурт кошуп, аралаштырып, бетке жаап, 15-20 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп саласыз.
Эскертүү: Йогурттун ордуна каймак кошсо, кургак беттер үчүн боткого айланат.
Бардык типтеги тери үчүн. Петрушканы аябай майдалап, андан 2 аш кашык алып, үстүнө 2 аш кашык лимондун ширесин жана 2 аш кашык бал кошуп аралаштырасыз. Бетке 15 мүнөт койсоӊуз, керектүү азыктар бетке сиӊет, анан жууп коёсуз.

Кулпунай
Майлуу тери үчүн. Жаӊы үзүлгөн 2-3 кулпунайды эзип, бетке жаап, 20 мүнөттөн соӊ жылуу суу менен жууп салуу кажет.
Аралаш жана кургак тери үчүн. 2-3 кулпунайды эзип, үстүнө 2 чай кашык бал, 1 чай кашык быштак кошуп аралаштырып, даяр болгон боткону бетке жаап, 20 мүнөт күтүӊүз. Анан жылуу суу менен жууп салыӊыз.

Бадыраӊ
Кургак тери үчүн. 2-3 кулпунайды жана 1 кичине кесим бадыраӊды эзип, үстүнө 1 чай кашык каймак кошуп, бетке жабыӊыз. 15 мүнөттөн кийин жылуу суу менен чайкаӊыз.
Майлуу жана аралаш тери үчүн.
1 аш кашык чыккыдай бадыраӊды эзип, ага жумуртканын агынын жарымын кошуп чаласыз. Аралашманы бетиӊизге жаап, 20 мүнөттөн кийин жылуу суу менен чайкап коюӊуз.

Лимон
Лимон менен сүттөн ботко (бардык типтеги терилер үчүн). 2 аш кашык сүткө лимондун 7-8 тамчы ширесин тамызып аралаштырып, бетке сүйкөп, анан жылуу суу менен жууп коюӊуз.


Сепкил көбөйүп кетпеши үчүн
Крем. Көчөгө чыгар алдында бетке күндүн нурунан коргоочу кремдерди, упаларды коюу кажет. Күндөн коргоочу фактору (SPF) 25-30дан болгондорду колдонсо жакшы. Күндөн коргоочу көз айнек тагыныӊыз.
Тамактануу. Сепкил көп чыкпоосу үчүн курамында аскорбин жана никотин кычкылы бар тамак-ашка басым жасоо туура. Алар тоок жана уй эти, малдын боору, гречка жана жашылча-жемиштерде көп.
Кийим. Башка шляпа же кепка кийип, көлөкө жерде басууга аракет кылыӊыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!